Бишкек шаарынын Күрөңкеев, Кудрук, Орозбеков көчөлөрүнүн абалдары начар. Жолдо пайда болгон аң-чөнөктөргө суу толуп, унаалардын жүрүүсүнө жана жөө жүрүүчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келет. Күрөңкеев көчөсүнүн жашоочуларынын айтымында, акыркы 4 жылдан бери тийиштүү кызматтар тарабынан каралбай калган.
Жашоочулар курулушка керектелүүчү кум-шагылдарды жол четине төгүп салышкан. Ал эми таштандыга ыргытылуучу курулуш калдыктары, буталган дарактардын шактары тротуарда чачылып жатат. Айтор, аталган көчөлөргө шаардык жашылдандыруу, таштанды тазалоо, жол куруу кызматтары басып келбегени көрүнүп турат.
Жолдордун абалы боюнча Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына байланышканыбызда: "Күрөңкеев көчөсүнүн абалы оор. 2017-жылы бул көчөнүн Осмонкул көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө чейинки аралыгы оңдолот. Жалпысынан 6 чакырым 700 метр жерине асфальт төшөлөт. Бул жол 1-Май, Свердлов райондорун аралап өтөт. Ал эми 2017-жылы Кудрук көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн баштап Махатма Ганди көчөсүнө чейин 1 чакырым 700 метрине асфальт төшөлөт", - деп билдирди.