Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы түз аба байланышы 2017-жылдын биринчи жарымында калыбына келиши мүмкүн. Бул тууралуу "Uzbekistan Airways" компаниясынын башкы директору Валерий Тянга шилтеме кылып жергиликтүү ЖМКлар жазышты.
"Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы каттам "Узбекистон хаво йуллари" Улуттук авиакомпаниясынын жайкы ырааттамасына киргизилет. Бирок каттам андан эрте да ишке киргизилиши мүмкүн, ал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар", - деп билдирди өзбек авиакомпаниясынын жетекчиси.
Буга чейин Тажикстандын Транспорт министрлиги да Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы түз аба байланышын калыбына келтирүү ниети тууралуу билдирген. Мекеме башчысы Шерали Ганжалзода алар тараптан аба транспорту жаатында кызматташуу тууралуу 7 өлкө, анын ичинде Өзбекстан менен макулдашуунун долбоору иштелип чыкканын айткан. Тажикстан коңшу Өзбекстан менен аба байланышын жандандыруу жаатындагы бардык жараяндарды колдойт деген тажик министри.
Өткөн жылдын башында "Узбекистон хаво йуллари" авиакомпаниясы Дүйшөмбү Эл аралык аба майданына кат жөнөткөн. Анда майдандын кызматтарынын баалары жана анын өзбек жүргүнчү ташуучу учактарын кабыл алууга даярдыгынын деңгээли тууралуу маалыматтарды берүү өтүнүчү жазылган. 2015-жылдын апрелинде Дүйшөмбү Эл аралык аба майданынын расмий өкүлү алар Ташкентке тиешелүү маалыматтарды жөнөткөндүктөрүн ырастаган.
Өзбекстан менен Тажикстандын шаарларынын, анын ичинде Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы аба каттамдары 1992-жылы, Тажикстанда Жарандык согуш башталганда токтотулган.