Мамлекеттик ишмер Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. Москвадагы Инженердик-курулуш институтун жана Алматыдагы Жогорку партиялык мектепти бүтүрүп, эмгек жолун Москва шаарындагы курулуш башкармалыгында жумушчу болуу менен баштаган. Андан кийин Ош шаарынын Курулуш-монтаждоо башкармалыгында мастер, прораб, аймактын башчысы болуп иштеген. Кийинчерээк башкы инженер, тресттин башкы технологу, партиянын Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, "Нарынгидрострой" курулуш башкармалыгынын парткомунун катчысы, комсомолдун Ош обкомунун биринчи катчысы, КП БКнын курулуш жана шаардык чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы, Кыргыз ССР Курулуш министри, Кыргыз ССР Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз ССРинин министри, Эл депутаттарынын Ысык-Көл облустук кеңешинин Аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Вице-президенти кызматтарында эмгектенген. 1991-жылдын 22-январынан тарта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп иштеген.
Экономика илимдеринин кандидаты, СССР Инженердик академиясынын академиги наамдарына татып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы менен сыйланган. Ошондой эле Н.Исанов Капиталдык курулуш жана башкаруу системин өркүндөтүү боюнча илимий эмгектердин автору.
Саясий ишмер 1991-жылдын 29-ноябрында жол кырсыгынан 47 жаш курагында каза болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген.