Анжелина Жоли Брэд Питти балдарга камкордук кылуу укугунан ажыратты

Голливуд жылдыздары Анжелина Жоли менен Брэд Питт алардын 6 баласы ким менен калары тууралуу бир чечимге келишти. Чет элдик басылмалар актрисанын өкүлүнө шилтеме берүү менен балдарга жеке камкордук кылуу укугу толугу менен Жолиге берилгенин, Брэд психологдордун көзөмөлүндө гана балдары менен жолуга аларын жазып чыгышты.

"Балдарды кароо маселеси боюнча атайын адистер мындан бир жума мурун эки тарап кол коюп, кабыл алган юридикалык келишимди жактырышты. Ага ылайык, эми 6 бала энеси менен калып, атасы менен жолугуп тура алышат", - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле актрисанын өкүлү түгөйлөрдүн эмне себептен ажырашып жатканын кыйыр мааниде түшүндүрө кеткен.

"Биз болуп жактан окуяны майда-чүйдөсүнө чейин талкуулай албайбыз. Жашы жете элек өспүрүмдөргө карата болгон окуялар үй-бүлөнүн бузулушуна алып келгени түшүнүктүү болду деп ойлойбуз. Учурда эки тарап тең ортодо жаралган маселени чечүүгө аракет кылып жатышат. Андыктан алар учурдагы кыйын кырдаалда баарын түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранышат", - деп сөзүн жыйынтыктаган актрисанын өкүлү.

Түгөйлөрдүн ажырашып жаткандыгы тууралуу маалымат ушул жылдын сентябрында белгилүү болгон. Ал эми кечээ, 7-ноябрда Брэд Питт Жоли менен бирге балдарга камкордук кылуу укугун берүүнү талап кылып чыкканы маалымдалган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ayida
2016-11-08 16:54:42
Балдары ак кара го бироосу окшосо бироосу окшобойтго?
-4
Uson13
2016-11-08 17:25:10
Ayida,Алар багып алган балдары окшошпогондору
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан