Сооронбай Жээнбеков китепканаларды кыскарта турганын айтты

Премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков өлкөдө китепканалар кыскара турганын айтты. Айылдык китепканаларга эч ким кирбей калганын, алар ашыкча чыгым жаратып жатканын белгилеген Жээнбеков: "Айыл өкмөттүн алдындагы китепканаларга кирип эч ким китеп окубай калды. Азыр интернеттен, уюлдук телефондон эле баарын окуп жатышат. Буга башкача мамиле жасоо зарыл. Китептерди топтоп райондук жана мектептердеги китепканаларды күчөтөбүз", - деп билдирди. Өкмөт башчылыгына талапкер башка ашыкча мамлекеттик органдарды да кыскартуу жаатында иш жасалып жатканын кошумчалады.

Парламентте бүгүн, 9-ноябрда өкмөттүн жаңы курамы каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kukunana
2016-11-09 15:28:05
Андан көрө ошол китепканаларга келүүгө стимул берип, колдошсо дагы жакшы болбойбу?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан