ЖЫЛНААМА, 9-НОЯБРЬ: 1949-жылы төкмө акын Барпы Алыкулов каза болгон

Барпы Алыкулов 1884-жылы 30-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ачы кыштагында туулган. Анын атасы өтө кедей болгондуктан, Барпы жаштайынан эле байларга жалданып иштөөгө аргасыз болгон. Ал Октябрь революциясына чейин Калмат, Мадал ажы, Назарбай деген байлардын малын багып, ар кандай жумуштарын аткарган.
Акындын чыгармачылык ишинин башталышы XIX кылымдын акырына, башкача айтканда, 1900-жылга туура келет. Анын өмүрүнүн теңи жакырчылыкта, жалчы жүрүү менен өткөндүктөн, дайыма эл тарабында болуп, өзүнүн курч ырлары аркылуу эзүүчү таптын өкүлдөрүнүн кылмыштарын ашкерелеп, аларды сынга алган. Ушундай ырлары үчүн эзүүчү таптан далай кордук көргөн.
Барпынын 1915-жылы кыргыз элинин улуу акыны Токтогул менен болгон жолугушуусу анын өмүрүндө чоң окуя болгон. Токтогулдун таасирдүү ырларын угуп, анын үлгүсүнөн үйрөнүп, бир топ таалим алган. Кийин ал “Токтогул жөнүндө ыр” деген 4 бөлүмдөн турган көлөмдүү поэма жазат. Бул чыгармасынын биринчи бөлүмүндө акын эл ырчыларынын өткөн заманда бай-манап, бий-болуштардын эл арасынан чыккан таланттуу адамдарды кордукта кармаганын баяндаган.
Акындын алгачкы ырлары көбүнчө өз башынан өткөн азаптарга, жан-жаныбарларга, сүйүүгө байланыштуу болсо, ал эми канаттуулар, айбандар жөнүндөгү “Бул куштардын санаты”, “Жырткычтар”, “Залим хандар азабы” сыяктуу айрым ырларынын башталышы атасынын тийгизген таасиринен жаралган. Өзгөчө анын “Жыйындагы биринчи ыр”, “Кара башыл эчки”, “Бада баккандагы ыр”, “Назарбай менен болгон айтыштары”, “Жетим кыз”, “Теңдик бир күн жарк этер”, “Жетим” деген ырлары өмүр жолундагы оор күндөрдүн элесин берсе, жаратылышты сүрөттөгөн адамдардын мүнөзүн баяндаган “Аккан суу”, “Күн”, “Шамал”, “Ажал” деген ырларында жаратылыштагы түркүн кубулуштарды, көрүнүштөрдү философиялык мааниде чагылдырган. Ал эми “Санат”, “Терме”, “Марттык”, “Баатырдык”, “Ынтымак”, “Болор жигит”, “Болбос жигит” деген санат менен насыят ырларында адамдарын жүрүш-турушу, кыял-жоругу, жаман-жакшы сапаттары баяндалган. Өз элинин өткөн доорун жакшы билгендиктен, анын “Кандардын каары” деген тарыхый ырында Кокон феодалдары хандык күтүп турган убактыларында бүткүл кыргыз элине алардын өтө мыкаачылык, наадандык менен өкүмзордук жүргүзгөндүгүн чагылдырат.
1930-жылдын аяк ченинен баштап Барпынын көз оорусу күчөп, өзүнчө эл аралап жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калат, бирок көкүрөгү тунук акын улам жаңы ырларды чыгара берет. Бала кездеги ырлары негизинен эки заманды салыштырууга арналса, согуш жылдары “Эр Жолон”, “Төрайым менен Шекербек” деген поэмаларды жараткан. Согуштан кийин “Аксаткын менен Кулмырза”, “Жалайыр жалгыз” деген элдик поэмаларды кайра иштеп чыгат. Акын лирикалык ырларды жаратуу үчүн чыгармачылык булак катары оозеки элдик ырларга кайрылган, ошол себептүү “Буракжан”, “Мөлмөлүм”, “Мырзайым”, “Арзыкан”, “Ак жылдыз”, “Лөлүкан”, “Дилбарым”, “Гүзал кыз”, “Өзгөчөм” деген ырлары тематика, стиль жагынан элдик ашыктык ырларга үндөшүп турат.
9-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан