Быйыл 601 адам Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен гуманитардык жана материалдык жардам сураган

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине 10 ай аралыгында 1159 кайрылуу түшсө, анын 80и үй-бүлө жана балдарга тиешелүү болгон. Бул тууралуу 9-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Кайрылуулардын 74ү карыларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн кызматтар тууралуу болсо, укуктук маселе боюнча 45, гендердик маселе боюнча 4 кайрылуу түшкөн. Эмгек боюнча 82, жумушка орношуу боюнча 59 кайрылуу болгон", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, 601 адам гуманитардык жана материалдык жардам сурап, мамлекеттик жөлөк пул бөлүүнү жана жеңилдиктерди берүүнү суранышкан. Ал эми калгандары үй-интернаттарга жайгаштырууну, санаторийлерге жолдомолорду, протез буюмдарын сурап кайрылышкан.

Былтыркыга караганда быйыл жарандардын кайрылуусу 15 пайызга өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vangolu
2016-11-09 11:53:41
жардам бердинерби анан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан