СУПЕРСТАН: "Мамлекетибиздин келечеги болгон жаштарыбыз үмүттөрүн үзө башташыптыр..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргызым качан оңолот?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Көп жыл чет жакта жүрүп, Кыргыз жериме барсам аябай башкача болом. Тиричилик деп жүдөп жүргөн адамдарды көрүп мен да кошулуп жүдөп кетем. Базарларга кирсем этти чаңдаган жерге ачык эле коюп сатып жатышат, тамак-аш саткан жерлерди айтпай эле коёюн. Булардын баарын карап, өзүмө суроо берем. Качан өлкөбүз өнүгөт, качан элибиз иш менен камсыз болот?"

"Чоң нерсе майдадан башталат жана ар дайым жакшы менен жаман жанаша жүрөт. Көп сөз жазбай эле коёюн, бул суроо риторикалык суроого айлангансып кеткен".

"Кыргыз качан оңолот?" деп отура берсек оңолбойт. Өзүбүздөн башташыбыз керек. Ар бир адам коомдук жайларда өзүн маданияттуу алып жүрсө, ошондо бир аз жылыш болот. Ар бир адам жогорку билим алып, ошол билимин өлкөсүнө жумшаса, мына ошондо жылыш болот. Ар бир адам ичи тардык, сараңдык, көрө албастык деген жаман сапаттарды таштаса, мына ошондо жылыш болот. Өнүгүү өзүбүздүн колубузда".

"Бир-эки жыл чет жакта жүрүп келип, ар нерселерди айткандары жинге тиет. Өзүңөр деле ошол ачык жерде сатылган эттерден жеп, ошол ашкана, чайканалардан тамактанып, кир көчөлөрдө басып, көлчүктөрдөн өткөндүрсүңөр".

"Өкүнгөнүм, мамлекетибиздин келечеги болгон жаштарыбыз үмүттөрүн үзө башташыптыр. Ар ким өз башын гана ойломой болуп калганы кейитет. Сен ЖОЖду кандай бүттүң, иштей аласыңбы, албайсыңбы эч кимди кызыктырбайт. Кайда барба акча сураарын, болгондо да доллар менен экенин мектептеги бала да билип бүтүптүр. Ал эми жылдан-жылга дин жолунда жүргөндөр көбөйгөнү сүйүндүрөт. Бактылуулук бир гана динде экенин түшүнгөндөр, жогору жакка напсисин тыйгандар келсе өлкөбүз оңолот беле..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан