Бүгүн, 9-ноябрда Филиппиндин Манила шаарында кыргыз футболчулары Филиппин курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрүштү. Улуттук кураманын расмий 100-оюну 1:0 эсебинде аяктады. Жеңиш голун үй ээлери 66-мүнөттө жаратышты (Мисах Бахадоран киргизди).
Оюнга башкы курамда дарбазачы Валерий Кашуба чыкты. Коргонууда Виктор Майер, Азамат Байматов, Тамирлан Козубаев, Аманбек Маныбеков ойносо, жарым коргоочулар Азиз Сыдыков, Павел Сидоренко, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу жана Ахлидин Исраилов болушту. Чабуулчу катары Виталий Люкс майдандан орун алды.
Кыргыз футболчулары бир катар чабуулдарды уюштуруп, атаандашка салыштырмалуу дарбазага көбүрөөк сокку узатышты. Бирок бул командалардын Бишкекте болгон оюнундагыдай эле мүмкүнчүлүктү бошко кетирбеген команда жеңишке жетишти.
Бул жолдоштук беттеш ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) календарына киргизилген. Андыктан оюндун жыйынтыгы эл аралык рейтингге таасирин тийгизет.