Жеңиш Разаков: "Кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо жакшы жылыштар боло баштады"

Кыргыз-өзбек жумушчу топтору Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашты. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 9-ноябрда парламентте билдирди.

"Акыркы убактарда кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо жылыштар боло баштады. Үстүбүздөгү жылы чек ара маселеси боюнча эки тарап 5 жолу жолугуп, 49 талаштуу аймак боюнча келишимдерге жетишти. Өзбекстан менен азыркы убакта да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Разаков.

Ал башка мамлекеттик органдар менен кызматташтыкта өкмөт Өзбекстан менен болгон чек араны тактоо боюнча иштерди тездете турганын белгиледи.

Айта кетсек, кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзсө, анын 320 чакырымы учурда тактала элек. 2016-жылдын сентябрынан тарта Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын жандана баштагандыгы байкалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
ekaterinburg
2016-11-10 08:54:31
Оозуна толо май!
+6
gordaya
2016-11-10 08:59:36
такталганы жалан талаш жерлерди берип жатышат болуш керек
+5
vangolu
2016-11-10 09:12:57
ровно ровно болсонор аландап коркуп бере салбай
+5
talant87
2016-11-10 09:13:53
Ункур тоону алдык деп башка жерди бербегиле Бир карыч жер бербегиле акчага сатылып
+5
tashi62
2016-11-10 09:24:52
100% такталып бүткөндө эле айтпасам ишенүү кыйын .
+3
Isken.der
2016-11-10 09:31:00
Такталганы жакшы, бирок жерлер өтүп кетпесин...
+1
Patriot..kg
2016-11-10 09:43:23
Биз маныроо эл болчу элек. Алдап туруп метр жер кирип кетишпесе эле.
Честный иштегиле алданып калбай
0
Guli91
2016-11-10 10:11:54
Ишенич жок.
0
Azizbek.kg8
2016-11-10 12:10:26
Алданып салбагыла.,акажан десе.
0
guli-1980
2016-11-10 13:18:19
Баткенде губернатор болуп иштегенде эч кандай чек ара маселесин чечалбай журду эле Эми вице-премьер-министр болуп нени жыргатаар экен
+2
azamat85
2016-11-10 16:42:54
guli-1980, ал убакта Каримов тируу болчу, ошого эч нерсе чечилбей турган.
-2
etaj_rus79
2016-11-10 18:29:07
50/50 болушкуло ошондо шариятка туура иш кылган болосунар жана внтымактуу болушкон болобуз бул менин жеке оюм
0
disko
2016-11-11 00:54:42
ункур тоодогу озубоктор кармап кеткен кыргыздар куткарылдыбы малымат берип койсонор сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан