ЖЫЛНААМА, 10-НОЯБРЬ: Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев 72 жашка толду

Кыргыз мамлекетинин туңгуч президенти, академик Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Байрак айылында туулган.

1961-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган.

1968-жылы Ленинграддагы Так механика жана оптика институтун бүтүп, аспирантурага тапшырган.

1980-жылы Москвадагы Инженердик-физикалык институтта докторлук диссертациясын жактаган.

1984-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланып, ошол эле жылы аталган академиянын академиги болгон.

1989-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти болуп эмгектенген.

Аскар Акаев - профессор, Орусиянын Илимдер академиясынын ардактуу доктору жана чет өлкөлүк мүчөсү. Ал 7 ойлоп табуунун, 43 макаланын, 150 чамалуу илимий иштердин автору жана илимдин 20 кандидатын, 3 докторун даярдаган.

Аскар Акаев Кыргыз ССРинин президенти болуп 1990-жылы 27-октябрда Жогорку Кеңештин Аскар Акаев үй-бүлөсү мененотурумунда 179 депутаттын колдоосу менен шайланган. Туура бир жылдан кийин, 1991-жылы октябрь айында болгон шайлоодо жана 1994-жылдын январь айында өткөн референдумда Кыргыз Республикасынын башчысы болуп биротоло бекитилген. 1995-жылы президенттик шайлоодо дагы бир жолу мамлекет башчылыгына шайланган. Ал эми 2000-жылы 29-октябрда Аскар Акаев өлкө президенттигине 3-жолу шайланган. 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп жетип, анын натыйжасында ал Кыргыз мамлекетинин аймагынан чыгып кеткен. 2005-жылы 5-апрелде өзүнүн президенттик кызматтан кеткени тууралуу расмий арызын жазган.

Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева 30дан ашык илимий эмгектин автору. Ал А.Акаевдин президенттик мөөнөтү учурунда "Мээрим" кайрымдуулук фондун жетектеп турган. А.Акаевдин Айдар, Бермет, Саадат, Илим аттуу уул-кыздары бар.

10-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан