1996-жылы 10-ноябрда Орусиянын Москва шаарындагы көрүстөндө Ооганстандагы согушта майып болгондордун орусиялык фондунун лидери, маркум Михаил Лиходейди эскерүү аземи өтүп жаткан. Иш-чарага 150гө чукул адам чогулган. Күтүүсүз жерден мүрзөнүн жанында турган столдун алдындагы жардыргыч зат жарылып, 14 адам каза таап, 30дан ашуун адам ар кандай жаракаттарды алган. Жарылуунун калдыктары 70 метр бийиктикке чейин учкан. Террорчулар жардыргыч затты ток аркылуу иштетишкендиги аныкталган. Курман болгондордун арасында М.Лиходейдин аялы жана фонддун директору Сергей Трахиров бар эле. Ошондой эле жардыруудан тереңдиги 1,5 метр, кеңдиги 2,5 метрлик чуңкур пайда болгон.
10-ноябрга карата жылнаама.