Бишкекте өлкөнүн окумуштууларынын катышуусунда Илим күнү белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө илимдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн кызматкерлерге атайын сыйлыктар тапшырылды.
"Салтанаттын жүрүшүндө Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев ич ара реформа жасап, илимди өнүктүрүү зарыл экенин айтты. Илим күнүнө арналган иш-чарага жаш илимпоздор, академиянын ардактуу окумуштуулары чакырылган. Мында илим жана илимий инновациялык жетишкендиктерди коомчулукка таанытуу максатында илимпоздордун эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулуп, илимий иштелмелердин булактары көргөзмөгө коюлду", - деп билдирди басма сөз кызматы.