"Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында 13 жаштагы окуучу кызды зордуктаган" деп айыпталган жабырлануучунун 33 жаштагы тууганы Эрлан Дөлөнов үй камагына эле кесилген. Бул тууралуу жабыркаган кыздын эжеси Рахима Айкымбаева 10-ноябрда өткөргөн маалымат жыйынында айтты.
“Эрлан Дөлөнов экөөбүз бир туугандардын балдарыбыз. Эрлан 5 убак намаз окуп, келинчегине хиджаб кийгизген. Андай адамдан эч ким эч нерсе деле шектенбейт экен. Кордук көргөн Айгерим бир тууган агамдын кызы. Байкем келинчеги менен ажырашып кеткенде Айгеримди 7 ай кезинде апам кыз кылып өзү багып алган. Бишкектен айылга барсам Айгерим "мени шаарга алып кетиңиз, бул жактан тажап кеттим, шаарда окуюнчу" деп ыйлап калды. Эмне болгонун сурасам айтпайт, оюмда классташтары менен урушуп кеткен го деп көңүл бурган эмесмин. Бул ишти кийин билдик. Эрлан Дөлөнов "айтсаң атаңа уу берип өлтүрөм" деп коркутуп, 2012-жылдан баштап 2015-жылга чейин 3 жыл үйдө эч ким жок болгон учурда сиңдимди зордуктап келиптир. Өзүнүн аялы айтпаса билбей жүрө бермек экенбиз”, - дейт жабырлануучу кыздын эжеси Рахима Айкымбаева.
“Эрлан сотко барганда эле үй-бүлөсү менен унчукпай калат. Анан эжеси, апасы кечирим сурап, 14 миң доллар сунушташкан. Биз албай койгонбуз. Мен коркпой эле айта алам, эми ошол акчаны сотторго берип, акыйкатты сатып алып жатышат. Кайрадан облустук сотко кайрылган элек, сот 27-октябрга белгиленген. Эми болбогон шылтоолор менен 17-ноябрга жылдырылды. Соттон күнөөкөрдү жазага тартып, акыйкат чечим чыгарып берүүсүн суранабыз”, - деди Айкымбаева.