"Суперстан" аркылуу түгөйүн таап, бактылуу бүлө курган форумчулар

Дүйнө жүзү боюнча интернет кулачын жайган кезде адамдар маалымат менен гана камсыз болушпастан, айрымдары өздөрүнүн түгөйлөрүн да ал аркылуу таап жатышат. Интернеттеги социалдык тармактар, форумдар жаңы үй-бүлөлөрдүн жаралышына себепкер болушууда. SUPER.KG порталынын "Суперстан" форуму да көптөгөн колдонуучуларыбыздын башын бириктирди. Анда жүздөгөн форумчулар өз ара пикир алмашып, жазылган билдирүүлөрүнөн бири-бири тууралуу кененирээк билүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Форумчуларбыз виртуалдуу дүйнөдө гана таанышпастан, чыныгы жашоодо да жолугушуп турушарын жазганбыз. Мындай жолугушууларда да жылдыздары келишип, бүлө кургандар бар. Төмөндө баш кошкон бир нече "суперстандыктар" тууралуу SUPER.KG'нин 10 жылдыгына карата окурмандар үчүн жазууну туура көрдүк.

Arstan жана Bella1 же Акжол Маматалиев жана Бибигүл Искандарова

"Чет өлкөдөгү супер форумчу" аталган Акжол Маматалиев Москвада бир нече жылдан бери иштеп келет. Ал жубайы Бибигүл Искандарова менен дал ушул форум аркылуу таанышкан. Анын айтымында, алар 2013-жылы Москвадан мекенине биротоло кетер алдында өзү уюштурган жолугушууда табышышкан. Маматалиев "Суперстанга" катталып, жакшы досторду, ага-ини, эже-карындаштарды эле эмес, өмүрлүк жарын да тапканын баяндап берди.

"Суперстандын" супер жолугушууларын ССЖ деп кыскартып айтып коёбуз. 2013-жылы 21-мартта Ноорузга карата ССЖ уюштургам, 40тай форумчу чогулду. Ошол жолугушууда Кудайым дагы боор ачыдыбы, канчалаган жолугушууларды уюштуруп жар таба албаптырмын, ошол күнү азыркы келинчегимди жолуктурдум", - дейт форумчу.

"Жолугушуу башталып, форумчулар бирин-серин келе башташкан. Аңгыча эле эки кыз кирип келди. Экөөнүн бири Aiym94 деген форумчу экен. Ал "эжем менен тааныштырам, жездем болосуз" деп жүргөн. Көрсө, ал ошол эжесин ээрчитип келиптир. Эжеси Bella1 деген ысым менен жаңы катталыптыр. Аны менен таанышып, аты Бибигүл экенин билдим, жылдызыбыз келишип, жакшы сүйлөшүп кеттик. Көңүлүмдүн баары ага бурулуп, бийге чакырып, аны жандап жүрдүм. Кече бүткөн соң Бибигүл менен сиңдисин үйүнө жеткирдим. Ошол күндөн баштап телефон менен сүйлөшүп, жолугушууга чакырып, киного барып, шаар кыдырып, бара-бара жетелешип басып калдык. Эч кимибиз сүйүүбүздү билдирген жокпуз, жөн гана көздөр, сөздөр менен сүйүшүп, түшүнүшүп калдык. 3 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Бири-бирибизди көрбөй калсак сагынышып, сөзүбүз бүтпөй сүйлөшчүбүз. Бир күнү үйлөнүүнү сунуштадым, макул болду. Ата-энеме айтып, Бибигүлдүн ата-энесине жибердим. Алар мекенибизден кудалашып, макулдашышты", - дейт Маматалиев.

Эки жаш Москвада, ата-энелери бул жакта болгондуктан, алар алгач чакан той өткөрүп, кийин Кыргыз жергесине келгенде үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн. Акжол Маматалиев ал жаңылыгын биринчилерден болуп "Суперстанга" "Өмүрлүк жарымды "Суперстандан" таптым" деген аталышта тема ачып, кубанычын форумчулар менен бөлүшкөн.

"2014-жылы апрель айында кыздуу болдук. 2016-жылы августта экинчи кызыбыз төрөлдү. Кудайга шүгүр, азыр ата-эне болуп бактылуу жашап жаткан кезибиз. Учурдан пайдаланып бардык форумчу досторума салам айтам. Жазып, чалып тургула, биз силерди абдан сагындык! Форумда өзүнчө эле бир үй-бүлөдөй болуп, ынтымактуу жашайт элек. Ошол кездерди абдан сагынам, жылмаюу менен эстейм. Өмүрлүк жарымды тапканыма себеп болгон SUPER.KG'нин жамаатына, "Супер-Инфону" негиздеген Кылычбек Султановго да үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдиребиз. Бар болуңуздар!" - дейт форумчу.

Ал эми Бибигүл Искандарова "Суперстан" форумуна Москвада иштеп жүргөн кезинде сиңдисинин сунушу менен катталып калганын айтып, өлкөбүздүн булуң-бурчунан кирген форумчулар ынтымактуу экенин белгиледи.

"Эже, сиз дагы катталып кирсеңиз, "Суперстан" аябагандай кызыктуу" деген сиңдим аркылуу катталып калгам. "Суперстан" мага кызыктуу темалары, жазылган ой-пикирлери, кеңеш берген колдонуучулары менен аябай жаккан. Бир күнү жолугушуу тууралуу тема ачылып калды. Чынында, барам деген оюм болгон эмес. Кайра эле сиңдим менен бирге бармай болуп калдым. Форумда Arstan деген бала "метрого келсеңер эле өзүбүз унаа менен алып кетебиз" деп жазган болчу. Кечирээк барып калып чалсак, метрого бир баланы унаасы жок эле жөнөтүптүр. Аябай жинибиз келип, тоңуп, жөө бардык. Кирип эле "Arstan деген кана? Өзү унаа менен алып кетем деп мактанып коюп жок го?" десем, Акжол жымыңдап келип тосуп алган. Кечени эстен кеткис кылып өткөрдүк. Форумчулар да жергебиздин ар жеринен экен, көрүп сүйүндүм. Бир чети ушунча чогулуп, Ош, Бишкек, Талас деп бөлүнбөй, ким кайсы жерден барса да, форум аркылуу таанышып, баарыбыз бирге болдук. Жолугушуу бүткөндөн кийин үйгө кирсек, сиңдим Акжол мени жактырып калганын айтты. Унаада келатканда мен уктап кетсем, "Эжеңди мага бересиңби?" деп сураптыр. Андан кийин Акжол менен телефон аркылуу сүйлөшүп баштаганбыз", - дейт Искандарова.
Бул түгөйлөрдүн бирге болушуна Бибигүл Искандарованын эжеси каршы чыккан, бирок алардын сезимдери баарына туруштук берип кеткен.

"Акжолго турмушка чыгам деп таптакыр ойлогон эмесмин, экөөбүз алыс болгон үчүн бир же эки жумада жолукчубуз. Сүйлөшүп жүрдүк, ата-энеме экөөбүз тууралуу айткам. Бир күнү экөөбүз отурсак, эжем чалып Акжол экөөбүздүн жаш айырмабызды айтып урушту, ага деле болбой сүйлөшүп жүрдүк. Бир күнү зер буюмдарды саткан дүкөнгө алып кирип, тандатып сөйкө-шакек алып, мага тагып жатып "Мага турмушка чыгасыңбы?" деп тике карап сураганда, толкунданганымдан "ооба" деп жибергем. Кайра эжем урушканын эстеп, же сүйүнөрүмдү билбей, же ыйлаарымды билбей, шакек-сөйкө үчүн да рахматымды айтпаптырмын. Үй-бүлөм жакшы эле каршы болушту, бирок тагдырыбыз бир экен, жылдызыбыз келишип үйлөнүп калдык", - дейт форумчу.

Учурда Акжол Маматалиев жана Бибигүл Искандарованын эки кызы бар. Биринчи кызы Гүлзирек 3 жашта, кичүү кызы Айлин 2016-жылы төрөлгөн.

"Биз да бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келе жатабыз. Бирге түтүн булатканыбызга быйыл 4 жыл болду. Албетте, жашоодо бир нерсеге кимдир бирөө себепчи болот экен. Биздин жолугушуубузга сиңдим Орозайым жана форум себепчи болду десем жаңылышпаймын. Бизге көпүрө болуп берген "Суперстанга" аябай ыраазымын", - дейт Искандарова.

Ere жана Jasi же Жакыпбек Кубанычбеков жана Жаңылай Бурканидинова


Ал эми кийинки каармандарыбыз чыныгы жашоодо бири-бирин таанышканы менен, сүйлөшүшпөгөнүн, форумчулардын жолугушуусунан улам мамиле куруп калышканын айтышат.

"Экөөбүз бири-бирибизди университетте окуп жүргөндө сыртыбыздан эле таанычубуз. "Суперстанга" катталганыбызды деле билген эмеспиз. Форумчулар 2014-жылы октябрь айында жолугушуу уюштурушту. Ошол жакка чогуу барып калып, тааныштык. Эртеси форумда адатынча жолугушуу тууралуу сүйлөшүп калып мамилебиз башталган", - дешти түгөйлөр.

"Жаңылайды жактырып калганымды көздөрүндө жүрөкчө бар быйтыкча менен билдиргем", - деп күлдүрдү Жакыпбек Кубанычбеков.

"Форумда ага тийишкен мырзалар болгон. Аларга купуя кат жазып түшүндүрчүмүн, алар деле түшүнүп, унчукпай калышчу. 8-мартта Жаңылайдын жумушуна гүл алып, куттуктап бардым. Кечке жумушунда күтүп, ал чыккандан кийин сейилдеп жүрүп баш кошуу сунушун киргизгем. Экөөбүз макулдашкан соң, ата-энебиз таанышып, бизге ак баталарын беришкен", - дейт Кубанычбеков.

"2015-жылы 18-апрелде үйлөндүк. 2016-жылы 14-февралда кыздуу болдук, аты - Шафран. Учурда бала менен үйдөмүн. Көбүнчө "Үй-бүлө", "Ашкана" бөлүмдөрүнө кирип калдым. Кээде форумга кире албай калсам, "Суперстанда" эмне жаңылык болуп жатат?" деп жолдошумдан сурай берем", - дейт Жаңылай Бурканидинова.

"Суперстандагы" форумчулардын ынтымагы бекем, андыктан алар бири-биринин жакшылыктарына барып, катташып турушат.

"Биздин үйлөнүү тоюбузга "суперстандыктар" да келишкен. Виртуалдуу дүйнөдөн гана эмес, чыныгы жашоодо да досторду таба алдык. Азыр дагы катышып турабыз", - деди Жакыпбек Кубанычбеков.

Zamirbek жана Kosmopolitka же Замир Оморов жана Нурия Маткеримова

Жогоруда жазганыбыздай, "суперстандыктар" бири-биринин билдирүүлөрүн окуп, жакындан таанышууну чечишет. Айрымдары бул түгөйлөрдөй болуп түтүн булап да кетишет. Нурия Маткеримова жолдошу менен таанышкан күндөрүн жылмаюу менен эстеп, ага байланыш номерин бербей бир топ убара кылганын айтты.

"Жолдошум Замир менен дал ушул "Суперстан" аркылуу табышканбыз, тагыраагы, купуя кат аркылуу. Мындан эки жыл мурда, март айларынын башында күндөгүдөй эле форумду карап, келген каттарды окуй баштадым. Биринде таанышуу сунушун жазып, номеримди берүү суранычы бар экен. Сынап көрөйүн деп, номеримди толук жазбай акыркы эки санын "хх" кылып берип койдум. Аны окуп "табышмактуу, сырдуу кыз окшойсуң, албетте, табам" деген жооп жазды, бирок таба албай, номеримди толук эле берүүмдү суранды. Анда да эки сандын бирин айтып, "бирөөсүн өзүңүз табыңыз" деп жазып койдум. Номеримди таап алды. Телефондо сүйлөгөндөрүнөн жакшы, тамашакөй адам экенин байкадым. Аны "боюм узун, семиз кызмын" деп көп тамашалап, алдачумун. Ага карабай чала берчү, көрбөсө да жактырып калганын айтып жүрдү", - дейт Маткеримова.

Көпкө уланган сүйлөшүүлөрдөн кийин форумчулар жолугушууну болжошкон. Алгач Нурия Маткеримова болочоктогу жолдошун жактырбаганы менен, кийин ага турмушка чыгып, учурда бактылуу жубай, эне экенине сүйүнөрүн кубануу менен айтат.

"Алгачкы жолугушууда Замирди жактырган эмесмин. Бутумдун учунан баштап карап, ишенбегендей, "арык эле кыз экенсиң го" деп, чөнтөгүнөн шоколад алып чыгып берди. "Гүлүңүз кана?" деп тамашалап, кафеге кирип кененирээк тааныштык. 8-марттан кийин жолукканбыз, майрам өтүп кеткен болсо да, мамалак алып берип, таксиге салып жиберген. Мен аны тоготпой койчумун, ага карабай чала берчү. Бир күнү "макул болсоң, үйүңө жуучу жөнөтөйүн" деди, мен каршы болуп жүрө бердим. Акыры апам экөөнү жолуктуруп, бүт кемчилигимди апамдан айттырсам да, үйлөнүүдөн кайткан жок. Замир апама жакты. Ошентип, той белгиленип, жуучулар келип кетишти. Аны менен жарым жылча мышык-чычкан ойноп, акыры бирге болдук. Тойдон соң нике сүйдүрөт деген чынбы, аны менен бирге жашап, алтын эле адам экен го дедим. Абдан жакшы адам болуп чыкты, бойдокчулукта тоготпой жүргөндөрүмдү эстеп уялам", - дейт Маткеримова.

Учурда алар бир баланын ата-энеси.

"Балабыз Нурэл 1 жашка толду, кылык-жоруктарына тойбой элжиреп жүргөн кезибиз. Эң кызыгы, жолдошум форумдун эң алгачкы форумчуларынын бири экенин тойдо Айгүл деген форумчудан билдим. Ошондо кандай форумчу болгон экен деп бүт билдирүүлөрүн окуп чыккам. Кудайга шүгүр, бактылуубуз", - дейт форумчу.

"Суперстан" форуму аркылуу табышкан түгөйлөр көп. Мындан ары да бул форумубуз аркылуу сүйүшкөндөр табышып, коомдо жаңы уячалар курулат деген ойдобуз. Ал эми "суперстандык" түгөйлөргө үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз, коломтоңордон от өчпөсүн!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Begimkyz
2016-11-16 13:21:48
Космо бактылуу болгула!!!
+4
aseras
2016-11-16 13:36:49
Бакыт каалайм.Турмуш курбай калсак да жакын адамымды жолуктурдум суперден.Тагдырдын буйругу
+4
gul-jana2
2016-11-16 13:46:57
Бактылуу болгула, туболугунор туз болсун! Мурдакы форумчулар абдан ынтымактуу жана активдуу болушкан окшойт. Откондо футбол ойногон форумчуларды коруп да жакшы экен дедим. Азыркылар эмне болуп баратышат? Эки-экиден урушуп эле кызыл кыргын кара сургун болуп жатышат. Баары тен эле жашоосуна недовольный)) лишь бы сындаш керек. Сасык саясатка аралашкан тролльдор андан коп. Келгиле, Суперге чисто эс алып, жакшы кабарларды окуп, маданияттуулукка уйронуу учун киреличи туугандар!?
+12
Medinaa
2016-11-16 13:53:05
Бактылуу болгула.Аскар байке менен Салтанат эжени ды кошуп койбопсуздар
+9
madina.87
2016-11-16 14:14:07
Мирлан аке менен Орхидея жокко?
Аларды деле жазсанар болмок.

Калган тугойлор бактылуу болгула.
+4
smska
2016-11-16 14:59:34
Окуп олтуруп көөп нерселер эске түштү))) Биз да суперден таанышып 2012-жылы үй-бүлөө курганбыз. Кудай буйруса бактылуу жашап жатабыз. Супер инфо биздин жеңебиз деп күлүп эстеп жүрөбүз...)))
+4
Kunbeken
2016-11-16 16:36:03
Бактылуу болгула! Эки дуйнонун бактылуулугун каалайм!
+2
Medina87
2016-11-16 17:59:27
Кандай бактылуу жандар!!
Таттуулук,бактылуулук,тыныштык каалайм!!!
+1
simone
2016-11-16 18:13:20
Биз да чамдайт окшойбуз...
+1
bakulya2015
2016-11-16 19:10:19
Бактылуу болунуздар. Ал кандай форум,кайсыл жактан кирсе болот?
0
alibekova94
2016-11-16 23:12:30
bakulya2015, башкы бет, сонку кабар дегендердин жанын окуп бараберсениз СУПЕРСТАН деп турат ошого кириниз.
0
bakulya2015
2016-11-17 08:55:51
alibekova94,чоон рахмат сизге
0
Nur1k
2016-11-16 21:00:51
Братан нак эркек экенсин ))
0
alibekova94
2016-11-16 23:13:01
Бактылуу болунуздар динолор )))
+1
Pandora
2016-11-17 01:55:05
Бактынар туболуктуу болсун ылайым))
Мен билгенден Ликвидатор менен Табышмакда ушул жактан баш кошконго
+3
alibekova94
2016-11-17 12:23:03
Pandora, Алар алгачкы баш кошкон тугойлордон беле :)
0
kansulu
2016-11-17 04:18:27
Жанылай жакып бактылуу болгула
+1
Syiyy28
2016-11-18 03:29:14
Бактылуу таалайлуу болгула
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан