ЖЫЛНААМА, 11-НОЯБРЬ: Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы имараты ачылган

Кыргыз циркинин жаңы имараты мындан 39 жыл мурун, 1977-жылы 11-ноябрда ачылган. Анын салынышына актёр, режиссёр, музыкант Абубакир Изибаевдин салымы чоң болгон. Ал ошол учурда цирктин директору болуп иштеп турган. Өмүрүнүн акыркы 15 жылын циркке арнаган Изибаев эски жыгач цирктен шарты мыкты, архитектурасы кооз имаратты тез арада бүтүрүүгө аракет кылган. Ошондой эле цирк артисттери үчүн мейманкана салдырган. Циркте машыгуучу спорттук залдар, каучук манеж жана артисттик кабинеттер болгон. Ал эми көрүүчүлөр залы 1800дөн ашуун адамга ылайыкталган. Имараттын архитекторлору - Л.Сегал, И.Шадрин, А.Нежурин. Алар 1978-жылы СССРдин Министрлер кеңешинин сыйлыгына татыктуу болушкан.

2015-жылы 18-майда Кыргыз мамлекеттик циркине Изибаевдин атын ыйгаруу жөнүндө токтом кабыл алынган. Учурдагы цирктин начар абалы тууралуу түркүн сөздөр айтылганы менен, жылыш болбой жатканы белгилүү.

11-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан