Чүйдө "кызы менен күйөө баласы өлтүргөн аялдын жансыз денесин унаасына салып барган" деген шек менен дагы бир жаран кармалды

Чүйдө "кызы менен күйөө баласы өлтүргөн аялдын жансыз денесин унаасына салып барган" деген шек менен дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 13-августунда Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө 25 жаштагы Кристина аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 1970-жылы туулган Татьяна аттуу апасы дайынсыз жоголгонун кабарлап, аны издөөнү суранган. Суракта Кристина апасын акыркы жолу 11-августта көргөнүн айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аял өлтүрүлгөнү аныкталып, кылмышка шектүү катары аялдын 27 жаштагы күйөө баласы жана 25 жаштагы кызы кармалган. Алар кылмышты жашыруу үчүн маркумдун денесин Кызыл-Арык айылынын жанына көмүп салышканы да белгилүү болгон.

"Бул кылмышка катыштыгы бар деп 1992-жылы туулган С.Т. аттуу Ысык-Ата районунун тургуну кармалды. Ал каргашалуу окуя болгон түнү маркумдун денесин унаасы менен Кызыл-Арык айылына алып барган. Учурда аталган жаран да камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Abubakir05
2016-11-11 12:27:52
Тообо кылдым оз апасын олтургонго кантип колу барды жаны чыгып жатканда журогу кандай чындап карап турду экен
+8
Nurmatova.
2016-11-11 12:53:07
Орустарга боло берет...
0
sirgak_92
2016-11-11 13:30:14
Nurmatova.,орус эмне адам эмеспи,кыргыздар
Мындан жаманын кылып атат го.Алар да булар кыргыз боло берет десе жакшыбы
+8
Nurkyz1977
2016-11-11 15:27:31
Орус кыргызпы деги эле адам баласы жырткыч болуп баратат таш журок болушуп
+5
Totyua.71.
2016-11-11 16:01:52
Азыр кай заман башталганын билбей турган чагыбыз
+2
baiyshvip
2016-11-11 16:19:28
Ушундай орустар жасаган кылмыштарды интернете чыгарып турсанар Москвич умниктерге сабак болмок баардык улутта жамандар бар экенин билишмек!!Биздин Орто азиянын жараны бир аз кыйшайып басып койсон деле телевизордон бир какшап айтышатго банды чыгарып!!!
+6
Magusi
2016-11-13 23:49:57
Орустун ХХХ ХХХ соз бекер эмесда
0
admin_portal
2016-11-14 13:08:14
Magusi, Башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан