Чүй облусунда 2 ай мурун жасалган оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 13-августунда Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө 25 жаштагы Кристина аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 1970-жылы туулган Татьяна аттуу апасы дайынсыз жоголгонун кабарлап, аны издөөнү суранган. Суракта Кристина апасын акыркы жолу 11-августта көргөнүн айткан. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери үй-бүлөнүн мүчөлөрүн текшере башташканда, Татьянанын дайынсыз жоголушуна анын жакын адамдарынын тиешеси бар экени аныкталган. Оор кылмышка шектелип аялдын 27 жаштагы күйөө баласы жана 25 жаштагы кызы кармалган. Алардын айтымында, 12-августка караган түнү Татьяна менен кызынын ортосунда чыр чыкканда күйөө баласы кийлигишип, ага кол көтөргөн. Татьянанын ден соолугуна оор залал келтирген соң ал каза тапкан. Кылмышты жашыруу максатында Кристина менен жолдошу маркумдун денесин Кызыл-Арык айылынын жанына көмүп салышкан. 10-ноябрда алар маркумду кайсы жерге көмгөнүн көрсөтүшкөн. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда.