Кочкор районунда жаш балага карышкырдын кол салуусунан кийин карышкыр жана жолбун ит-мышыктарды атуу иши күч алат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда SUPER.KG порталына Кочкор районунун акими Нурлан Керималиев билдирди.
"Биз Ак-Жар айылында катталган карышкырдын балага кол салган окуяны олуттуу кабыл алып, ошол күндөн баштап атайын аңчылардын тобун түзүүнү колго алганбыз. Буга чейин 1 карышкырга 5 миң, чөөгө 3 миң сом сыйлык жарыяланып, иш жүрүп келген. Окуядан улам аңчылардын ишин күчөтүүнү көздөп жатабыз. Жаз алды менен 10дон ашуун карышкыр атылып, бөлтүрүктөрү алынган", - деди Керималиев.
Маалыматка ылайык, Кочкор районунда жыл ичинде 1500дөн ашуун жолбун ит атылган. Эске салсак, буга чейин жергиликтүү тургун Ак-Жар айылындагы сарайлардын биринде 4-класстын окуучусуна карышкыр кол салганын билдирген эле.