Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайына Ак-Ордо конушунун жаңы аймактарына электр энергиясын алып келүүнү талап кылган 200гө жакын адам митингге чыкты. Митингдин катышуучулары премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдон аталган конушка электр жарыгын туташтырып берүү ишин колго алууну талап кылышты.
"Элдин ичинде 10 жылдан бери электр жарыгы жок отургандар бар. Учурда биз жашаган конушта 5 миңге жакын үйдө электр энергиясы жок. Акыркы 3 жылдан бери кайрылып келебиз. Айыл, район, облустук жетекчилерге кайрылганбыз, тыянак жок", - дейт тургун Асылгүл Жолдошбек кызы.
"Салык, таштанды, суу үчүн төлөмдөрдү аларда өкмөт келип калат. Митингге чыксак, 4 саат бою күттүрүп жатып чыгышты. Алары да татыктуу жооп беришкен жок", - дейт конуштун жашоочусу Үпүлкан Бекмуратова.