"JashtarCamp-2016" иш-чарасына Кыргыз өлкөсүнүн 14 аймагы катышты

Бул жылы Кыргыз өлкөсүндө 8-бейтариз "JashtarCamp" иш-чарасы өттү. Жаштар иш-чарасы Токмок, Балыкчы, Бакай-Ата, Алай, Баткен, Жалал-Абадда 12-ноябрда, Бишкек, Каракол, Талас жана Ош шаарларында 13-ноябрда өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Конференцияларда бир маалда бир нече аудиториялар үчүн 40 мүнөттүк лекциялар окулду. Катышуучулар өздөрү каалаган темадагы лекцияга кирүүгө мүмкүндүк алышкан. Ошондой эле мастер-класстар, презентациялар, воркшоптор, флешмобдор, акциялар өтүп, чыгармачыл топтор өнөрлөрүн сунушташканы белгилүү болду.
"Иш-чаранын негизги максаты - жаштарды бириктирүү, алардын дареметин күчтөнтүү, ишмердүүлүгүнүн тармагына карабастан, ийгиликке жетүү мүмкүн экенин, ошону менен бирге өз аймагын, шаарын, өлкөсүн өнүктүрүүгө салымын кошуу керектигин жеткирүү", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан