Ишемби күнү, 12-ноябрда Бишкек шаарында активисттер ишембилик өткөрүп, Мамлекеттик тарых музейинин имаратынын жанына гүлдөй турган бадалдарды отургузушкан. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтында маалымдалат.
"Иш-чара Жаштар жумалыгы жана "Гүлдөгөн шаар" долбоорунун алкагында өттү. Долбоордун максаты - коомчулуктун көңүлүн экологияда болуп жаткан көйгөйлөргө буруу, жаратылышты сактоо жана жарандар арасында экологиялык иш-чараларга активдүү катышуусун калыптандыруу", - деп айтылат маалыматта.
Бадалдар отургузулган соң катышуучулар Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта ишембилик өткөрүшкөн. Иш-чарага 40тан ашуун активист катышкан.