Ак үйдүн фотокабарчысы Барак Обаманын жылмаюу жараткан сүрөттөрүн жарыялады

Адатта өлкө башчыларынын расмий жолугушуулардагы сүрөттөрү гана интернетке жарыяланат. Американын Ак үйүнүн расмий фотокабарчысы Пит Соуза Барак Обама өлкөнү башкарган учурда анын 2 миллиондон ашуун сүрөтүн тартканга үлгүргөн. Сүрөттөрдө президенттин жумуш учурундагы, үй-бүлөсү менен эс алып жаткан кези, жаш балдар менен түшкөн күлкүлүү кадрлары жана аялы менен романтикалык көз ирмемдери көрсөтүлөт.

Дональд Трамп шайлоодо жеңип чыккандан кийин Обаманын президенттик кызматынын аяктаарына саналуу гана күндөр калды. Андыктан Пит Соуза Америка тарыхындагы алгачкы кара терилүү президенттин башкаруу доорундагы учурлар түшүрүлгөн өзүнө жаккан 55 сүрөттү жарыялаган.

Жогорудагы сүрөттөр топтомунан Барак Обама кандай президент, дос, кесиптеш боло аларын байкоого болот. Анын башкаруу учурунда Ак үйдө иштеген балалуу кызматкерлерге жакшы шарттар түзүлгөнү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rukopashnik
2016-11-21 18:25:30
эң сонун,жаш балдарды жакшы көрөт экен,
+12
futboler
2016-11-21 18:52:17
Биздики буга караганда алда канча кобуроок жылмаюу жаратат, ишенбесенер Тынардан сурагыла)))
+23
Begimkyz
2016-11-21 19:55:04
futboler,жардыныз го)))
+6
Rifle_I
2016-11-22 08:34:49
Сүрөттөргө алданбагыла. Жакынкы сыгыштагы канчалаган жаш балдар бейкүнөө өлүп кете берди. Канчалаган адамдар үй жайы жок тентип жүрөт. Кандай өнүккөн мамлекеттер жок болду.
0
Kanzada97
2016-11-21 20:35:05
futboler,хехех))
+1
Alina1984
2016-11-21 19:14:58
Мага да жакты ,абдан сонун суроттор
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан