2016-жылдын 8-13-ноябрь күндөрү Фергана шаарында Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.
Жолугушуу эки өлкөнүн чек арасын тактоо маселелерине байланыштуу болгону маалым.
Өзбекстандын Андижан, Наманган, Фергана жана Кыргыз өлкөсүнүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешкен жерлердеги такталбаган 14 тилкеде биргеликте иликтөө иштери, топографиялык съёмкалар жүргүзүлгөнү белгилүү болду.
"Жумушчу топтор 7 тилке боюнча өз позицияларын макулдашты. Ошону менен 13-ноябрга карата 56 тилке боюнча эки тараптын тең позициялары дал келди. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлуп, калган такталбаган тилкелер боюнча иликтөө иштеринин графиги макулдашылды. Жолугушуу достук мамиледе өттү", - деп айтылат маалыматта.