Акыркы күн! SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган сынакка катышууга жетишиңиз

Быйыл SUPER.KG порталы 10 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Эсиңиздерге салсак, мунун урматына 16-августта окурмандарыбыз үчүн видеосынак жарыялаганбыз. Сынактын эрежелери боюнча катышуучулар SUPER.KG порталын 10 жылдыгы менен куттуктап, узактыгы 3 мүнөткө жетпеген сапаттуу видео жөнөтүшү керек. Сынак жарыялангандан бери дарегибизге көптөгөн видеолор жөнөтүлүп жатат. Арасынан талапка жооп бергендери "Медиа-порталдагы" "Элдик видео" бөлүмүнүн "SUPER.KG 10 жашта" рубрикасына жүктөлүүдө. Учурда бул рубрикага жүктөлгөн видеолордун саны 38ге жетти. Бүгүн, 16-ноябрда саат 18:00дө видео кабыл алуу токтотулат. Редакциянын чечими менен жакшы делген 10 видео тандалып, 18-ноябрдан 28-ноябрга чейин порталга добуш берүүгө коюлат. Жеңүүчүлөр добуш берүүнүн жыйынтыгы менен окурмандар тарабынан аныкталат. Эң көп добуш алган алдынкы 3 видео жеңүүчү аталып, ээлери баалуу байгелер менен сыйланышат. Белектер үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата уюштурулган концерттик программада сахнадан ыйгарыларын эскертебиз.

Видеону кабыл алуу мөөнөтү аяктап бара жатат, андыктан шашылыңыздар! Бүгүн акыркы күн. Катышуучуларга ийгилик!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан