Баткен шаарында акча алганга кетип, 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 85 жаштагы пенсионер табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Учурда дайынсыз болуп жаткан 85 жаштагы Суксур Бурканованы издөө иштери улантылууда. Азырынча издөө иштери натыйжа бере элек", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.
Айта кетсек, 1931-жылы туулган С.Бурканова 10-ноябрь күнү "пенсия алам" деп Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйүнөн саат 10:00 чамасында чыгып кетип, үйүнө кайрылып келген эмес.