Чыгыш тарыхын, өзгөчө Орто Азия жана Борбордук Азиядагы элдердин орто кылымдагы тарыхын изилдеген көрүнүктүү илимпоз, академик Василий Бартольд 1869-жылы 15-ноябрда Орусиянын Петербург шаарында туулган. 1890-жылы Петербург университетинин чыгыш тилдери факультетин бүтүрүп, ошол жерде илимий кызматкер жана окутуучу болуп иштейт. 1890-жылы жарыялана элек чыгыш кол жазмаларынын үстүндө көп иштеп, эки бөлүктөн турган "Монгол эзүүсүнүн доорундагы Түркстан" деген эмгекти жараткандыгы үчүн (1898-1900) үчүн ага "чыгыш тарыхынын доктору" деген окумуштуулук даража берилген.
Ал Орто Азияга бир нече жолу илимий экспедицияга келип, Талас, Чүй өрөөнү, Ысык-Көл ойдуңу жана Борбордук Тянь-Шандагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Анын орошон талантынын таң каларлык эрудициясынан Орто Азиянын тарыхы боюнча 400дөн ашык көлөмдүү илимий эмгек жана ар кыл макалалар жаралган.
Окумуштуунун "Түркстан тарыхы", "Жети-Суу тарыхынын очерки", "Түркстандын маданий тарыхы", "Мусулмандар дүйнөсү", "Монгол эзүүсүнүн доорундагы Түркстан" аттуу эмгектеринен жана "Ислам энциклопедиясында" жарыяланган макалаларынан Кыргыз жергесинин тарыхына тиешелүү баалуу маалыматтарды алууга болот.
Анын "Кыргыздар" деген монографиясы Кыргыз АССРинин өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча жазылып, 1927-жылы жарык көргөн. Анда жазма эстеликтердин негизинде кыргыз элинин саясий тарыхын кыскача мүнөздөгөн. Эмгек эки бөлүктөн турат. Биринчисинде Эне-Сай кыргыздарынын эзелтеден кыргыз деген этноним пайда болгондон тартып, экинчисинде Тянь-Шань кыргыздарынын 16-19-кылымдардын 60-жылдарына (өлкөнүн түндүгүндөгү кыргыздардын Орусиянын курамына кошулганы) чейинки тарыхы баяндалган. Ал кыргыздар жөнүндөгү байыркы жана орто кылымдагы чет өлкөлүк тарыхый адабияттардагы даректерди, илимпоздун мурдагы өз эмгектериндеги маалыматтарды пайдаланып, кыргыз элинин Октябрь революциясына чейинки тарыхы боюнча бир бүтүн эмгек жараткан. Тарыхчы кыргыз элинин ар түрдүү тарыхый этаптагы социалдык тагдырына, рухий маданияты менен каада-салтына олуттуу көңүл буруп, тарых үчүн баалуу изилдөөлөрдү, эмгектерди жазып калтырган.
Илимпоздун өмүрүнүн соңку жылдары сүйүктүү жубайы Мария Алексеевнанын 1928-жылы май айында күтүүсүз дүйнөдөн кайтышы менен кайгылуу өткөн. Окумуштуу 1930-жылы 19-августта 61 жаш курагында Орусиянын Ленинград шаарына жакын санаторийде бөйрөк оорусунан улам дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Ленинграддагы Смоленск көрүстөнүндө аялынын мүрзөсүнө жакын коюлган.