Лунара Мамытова эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 15-ноябрда өкмөттөн кабарлады.
Лунара Мамытова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Бир бол" партиясынан депутат болуп шайланып, кийинчерээк мандатын тапшырган. "Мен үчүн адам бойдон калуу - башкы максат. Кресло үчүн өлбөйм! Саясий чөйрөдө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым", - деген экс-депутат. Мамытованын ордуна Улугбек Ормонов депутат болуп келген.
"Бир бол" учурда коалициялык көпчүлүктө мүчө. Ал эми эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп жакында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайгүл Исакунова дайындалган эле.
Лунара Мамытова 1985-жылы 28-февралда Бишкек шаарында туулган. Билими жогорку. 2006-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин, 2009-жылы юридика факультетин бүтүргөн. Бир топ жыл теле жаатында эмгектенген. Белгилүү диктор. 2015-жылкы парламенттик шайлоого чейин КТРКда "Ала-Тоо" маалымат программасынын алып баруучусу болуп иштеген. Үй-бүлөлүү, 1 баланын энеси.