Жогорку Кеңештин депутаты Лунара Мамытова депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча БШКга арыз жазды. Муну депутат өзү бүгүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Мен үчүн адам бойдон калуу - башкы максат. Кресло үчүн өлбөйм! Өлкөбүздүн саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчылардан көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнүш", - дейт депутат.
"Бир бол" партиясынын БШКга берген тизмесине ылайык, Лунара Мамытованын ордуна Улугбек Ормонов депутаттык мандатка ээ болмокчу.