Өкмөт 2013-жылы токтом кабыл алып, өзгөчө макамы бар айрым чек ара аймактардын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын 1-этабын ишке ашыруу үчүн 20 иш-чара каралган. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, пландалган 20 иш-чаранын ичинен 18и толугу менен аткарылды. "2 иш-чара аткарылган жок. Биринчиси - "Баткен" аэропортун реконструкциялоо. Бул иш "Манас" аэропорту" мамлекеттик акционердик коомуна тапшырылган болчу. Экинчиси - Боз-Кара-Кыштак каналын куруу. Бул иш-чара боюнча чоң акча талап кылынат. Ошол үчүн аткарылган жок", - деп түшүндүрдү Абылгазиев.