Ош облусунда "Юг Экохант” жоопкерчилиги чектелген мергенчилик коому айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарды бузуп жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Атайын текшерүү учурунда аталган ишкана одоно мыйзам бузуулар менен иш жүргүзүп жаткандыгы аныкталган. Буга чейин бир нече ирет эскертүү кагаздарына жооп бербей келген. Алар инспекторлордун мыйзамдагы талаптарына баш ийишкен эмес. Ишкананын сырттан келген мергенчилерге, өлкөдө кандай жаныбарларды атууга уруксат берилгени жана саны канчага чейин болушу керек экени тууралуу тийиштүү кагаздары болгон эмес. Ошол эле учурда текшерүү учурунда инспекторлорду коркутуу аракеттерин көрүшкөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ишкананын мыйзамсыз жүргүзүп жаткан иш-аракетин токтотуу үчүн чаралар көрүлүүдө.