Ош шаарына быйыл 10 айда 2 миллиард 595 миллион сомдук инвестиция тартылган. Бул тууралуу кечээ, 15-ноябрда Ош шаарындагы эл аралык уюмдар, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусундагы жыйында айтылганы белгилүү болду. Ошондой эле 2016-жылдагы эл аралык уюмдар менен биргеликте ишке ашып жаткан иштер жөнүндө айтылып, кийинки жылга пландалып жаткан жаңы долбоорлор ортого салынды.
“Жергиликтүү бюджетке жеңилдик болсун деген максатта эл аралык жана коомдук уюмдар менен иштешип, жаңы долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу, коомдук унааларды жаңылоо, эс алуу жайларын реконструкциялоо, балдар аянтчаларын куруу багытында долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатабыз. Ошондой эле келечек муундарга тарбия берип, билимин жогорулатуу максаты да камтылган. Жалпысынан алганда, быйыл 2,5 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылды”, - дейт вице-мэр Замир Аскаров.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова 2016-2017-жылдарга карата 100 "Жашыл долбоор" иштелип чыгып, анын ичинен эң ири долбоорлор эл аралык уюмдар менен ишке ашканын, 2020-жылга чейин күнөсканаларды куруу, эс алуу жайларды калыбына келтирүү жана башка ушул сыяктуу ири долбоорлор даярдалып жатканын кошумчалады.