ЭЛДИК ВИДЕО: Жеки Чан жылуу кийими жок Орусияда тоңуп калганын айтты

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Жеки Чан жылуу кийими жок Орусияда тоңуп калганын айтты" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Cupakabra).

Орусиянын Москва шаарында 8-ноябрда башталган Кытай кинолорунун фестивалынын ачылыш аземине актёр Жеки Чан да келген. Ал берген маегинде Москвада жылуу кийими жок үшүп калганын, бирок баары жайында экенин айткан. "Орусияда көптөгөн күйөрмандарым бар экенин көрүп кубандым. Азыр кытай-орус чыгармачыл тобу менен биргеликте "Кытай өлкөсүнө саякат" деген тасма тартып жатабыз", - деп билдирген актёр. Аталган фестиваль 27-ноябрга чейин уланат (видеону көрүү үчүн шилтеме).

Белгилей кетсек, 13-ноябрда чет өлкөлүк басылмалар Жеки Чан "Оскар" сыйлыгын алганын жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан