УКМК президентке берген документтер жасалма болуп чыкты

"Мегаком" боюнча УКМК президент Алмазбек Атамбаевге берген документтер жасалма болуп чыкканы маалымдалды. Белиздин Жогорку Сотунун каттоочусу Эдмунд Оливер Пеннил документке кол койгон жергиликтүү адвокаттын гана колун тастыктап өз мөөрүн басканын, кыргыз тарапка жиберилген документтин мазмунунан кабары жок экенин “Азаттыкка” билдирди. УКМК жарыялаган документ Белиздин расмий органдарынан жиберилбегени белгилүү болду. 14-ноябрда президент менен жолугушууда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын, ал документтер 2012-жылы апрелде "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясынын ошол учурдагы акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык сумманы "Саутфилд" компаниясынын алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (бүгүн депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова) кызыкдар болгонун күбөлөй турганын айткан эле. Бул документтин чоо-жайын иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан