Айдоочулар үчүн  ОСАГО полисин алуу убактысы узарды

Өлкөдө ОСАГО полисин алууга жетишпей калган жарандар ушул жылдын 1-сентябрына чейин убакыт берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.

Маалыматка таянсак, мындай чечим ар кандай себептерден улам 1-июлга чейин унаасын камсыздандырууга үлгүрбөй калган жарандар үчүн кабыл алынган.

Белгилей өтсөк, буга чейин 1-июлдан тарта ОСАГО полисин албаган айдоочуларга 3 миң сомдон айып пул салынары кабарланган эле.

Маалымат үчүн: ОСАГО - автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу болуп саналат. Айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет.

Бир жылдык камсыздандыруунун базалык наркы 1680 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан