"Жашылдандыруу" ишканасы Бишкек шаарында жааган кардан улам кулаган дарактарды алып, иретке келтирип жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Исанов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, Тыныстанов көчөсүнүн Бөкөнбаев жана Линейная көчөлөрүнүн ортосунда, Лев Толстой көчөсү менен Манас кең көчөсүнүн кесилишинде, Бөкөнбаев көчөсү менен Манас кең көчөсү кесилишкен жерде, Жаш Гвардия бульвары менен Бөкөнбаев көчөсү кесилишкен аймакта, Рыскулов көчөсүндө жана Панфилов көчөсүндө дарактар кулаган. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
Мэрия автоунааларды дарактардан алыс токтотууну сунуштайт.