Кечээ, 17-ноябрда Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип, бул күндүн урматына борбор калаадагы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда майрамдык иш-чара уюштурулган. Аталган иш-чарага катышкан Гүлзар Кыдырбаева мындан 3 жыл мурун тун наристеси маалынан эрте төрөлүп, 700 грамм салмакта болгонун айтат.
"Кош бойлуу кезимде кан басымым жогорулап кетип, өмүрүмдү сактап калуу үчүн ичимдеги бала 26 жумалык болуп, 6 айга жакындап калганда төрөтүп алышкан. Кызым Бегайым 700 грамм болуп төрөлгөн. Эне жана баланы коргоо борборуна 800 грамм менен келип түшкөнбүз. Ооруканадан 1 килограмм болгондо чыкканбыз", - дейт эне.
Гүлзар Кыдырбаева ара төрөлгөн баланы багуу өзгөчө камкордукту талап кыларын, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуу керектигин, тез-тез эле ооруп кала берерин айтат.
"6 айлык балдардын башы эле болот экен, анан денеси өсүп жетилгенче бир топ убакыт кетет. Сүтүм жарабай калып, кургак сүт, аралашма менен бакканга туура келди. Акча жагынан да бир топ кыйналдык. Көп мээнет, кыйынчылыктар менен чоңойттук, азыр баарын сөз менен айтып берип, жеткирүү мүмкүн эмес. Дарыгерлерге ыраазыбыз, абдан жакшы карап жатышты. Мындай балдар күн сайын эле ооруй беришет экен. Ооруган сайын дарыгер менен байланышып, ооруканага алып келебиз. Башында суу көп болуп, бутуна массаж жасоо зарыл болгондуктан, көп ооруканаларды кыдырып жүрдүк. Кудайга шүгүр, азыр жакшы, чоңоюп калды. Учурда кызым ырдайт, бийлейт. 3 жаштагы балдарга теңелип калды. Ара төрөлгөн баланы багуу кыйын экен. Кыска убакытта чачым агарып кетти", - деп күлдү.
"Азыр 3-4 жылдан бери көрүшө элек тааныштарым көрүп калса, "Ушунчалык кыйналдыңбы? Чачың агарып кетиптир" деп айтып калышат. Өзүм 29 жашымда турмушка чыккам, 30 жашымда төрөдүм. Жашка да карайт экен, андыктан жаш кыздарга эртерээк күйөөгө чыгып, эрте төрөгүлө деп айтар элем", - деп сөзүн жыйынтыктады Г.Кыдырбаева.