ЖЫЛНААМА, 18-НОЯБРЬ: 1828-жылы Даун синдромун ачкан англиялык генетик Жон Даун төрөлгөн

Даун синдромун ачкан англиялык генетик Жон Даун 1828-жылы 18-ноябрда Англиядагы Корнуэлл шаарынын Торпойнт кыштагында фармацевттин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 18 жашка чейин атасынын дарыканасында иштеген. Андан соң Лондондо белгилүү физик-химик Майкл Фарадейдин ассистенти болуп иштеп, фармацевттин окуусун окуган. 25 жашында Медициналык институтка тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган. 1858-жылы Эрсвудда эсинен ажырагандар үчүн атайын жайга дарыгер болуп дайындалат.

Жон Даун акыл жагынан артта калгандарга сабак өтсө жылыш болоруна ишенген. Мындай бейтаптар үчүн 1868-жылы Теддингтон шаарында "Нормансфилд" аталышындагы борборду ачкан. Жон Даун акыл жагынан артта калгандардын баш сөөгүнүн формасынын түзүлүшүн изилдеп, анын негизинде бейтаптарды 5 топко бөлгөн. Алардын бирин "монголдук" деп атаган. Бул диагноз 1965-жылы генетиктин фамилиясын алып, Даун синдрому деп аталып калган. 1866-жылы Ж.Даун Даун синдрому менен төрөлгөн адамдардын морфологиялык мүнөздөмөсүн сүрөттөп китеп чыгарган. Ал эми 1887-жылы "Балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикалык оорулары" деген эмгегин жаратып, анда Даун синдрому тууралуу кенен маалымат жазган. Генетик 1896-жылы 7-октябрда каза болгон.

18-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан