"Тазалык" ишканасы: "Мындай аба ырайында жолдорго туз, кум чачуу ашыкча чыгым болот"

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектин Жибек-Жолу кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жол кырсыгы катталды. Эркиндик бульвары менен түндүк тарапты көздөй бараткан Subaru үлгүсүндөгү жеңил автоунаа жолдун четиндеги бордюрдан ашып кеткен.

Айдоочу кырсык жолдун тайгалактыгынан орун алганын, өзү жаракат албаганын айтты. Кырсыктан улам унаанын алдындагы жарык берүүчү фарасы сынып кеткен. Унаада айдоочудан башка эч ким болгон эмес. Мындан тышкары бүгүн Бах көчөсүндө да троллейбусту жүргүнчү ташуучу автобус сүзгөнү белгилүү болду. Кырсыктын күбөлөрүнүн айтымында, автобус жол тайгак болгон үчүн токтой албай калган.

"Тазалык" ишканасы туз, кум чачуу иштерин баштай электигин SUPER.KG порталына билдирип, кырсыктарды айдоочулардын этиятсыздыгы менен байланыштырды.

"Бүгүн бир да жолго туз, кум чачылган жок. Кар калың жаап, тайгалак күч болуп, жолдогу муз эрибей калганда гана чача баштайбыз. Мындай аба ырайында туз, кум чачуу ашыкча чыгым болот. Ал эми тротуарларга көп сеппейбиз. Адам көп баскан жерлерге же кайрылуу түшкөн учурларда гана себилет. Айдоочулардын кырсыкка учурашы өздөрүнө байланыштуу. Бизде быйылкы кышка жетерлик каражат даярдалган", - дейт "Тазалыктын" ишти пландоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Эсенов.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясы айдоочуларды абайлап жүрүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nur1996
2016-11-18 11:21:50
Буларга эмне 2метр кар жааганда чачышабы негизи тузду жолго кар жаап жатканда чачыш керек го ээрип кетуусу учун, андай болсо тузунарды сактап олтура бергиле жайында уйунорго салып кетесинер!
+4
Mongol1155
2016-11-18 11:26:46
Анда жайында чачкылаааааа....
+3
Kroxa
2016-11-18 11:44:40
Калын жаамак беле Бишкеке ушундай эле жаайт да...
+3
maks94.kb
2016-11-18 12:25:39
Буларга Адам омурунон да кум м.н туз маанилуу окшойтко адамдардын кырсыктап жатат жол тайгак болгондуктан бираз болсо да ойлонуп Корсо болмок
+2
jakilik
2016-11-18 12:34:24
Бизде эмнеге ушундай начар адамдар иштейт. Эх.
+3
Medina87
2016-11-18 14:35:47
Кар 5см жааса реагенттер(туз,кум) себилуусу шарт экен.
0
Neizvestno777
2016-11-19 04:34:54
Тооба кар калын жаганда деп ,аман эле болгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан