Өлкөдө соңку убактарда автоунаалар кескин көбөйүүдө. Өлкөнүн башка аймактарына караганда борбор калаада унаалардын көп экени белгилүү. Мындан улам көчөлөргө батпай, жол тыгындары жаралат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1 миллион 136 миң унаа катталган. Анын ичинен Бишкек шаарында 420 миңден ашуун унаа бар.
Таң эрте шаардын көчөлөрүн аралап, Чүй, Манас, Абдрахманов кең көчөлөрүндө, ошондой эле Горький, Юнусалиев, Ибраимов, Медеров, Киев, Токтогул, Жибек-Жолу көчөлөрүндөгү жол тыгындарына күбө болдук. Адатта болуп турчу тыгындар кардын жаашы менен дагы да күчөдү.
Эртең менен көпчүлүк эл жумушка баратканда, кечкисин жумуштан кайтканда жол тыгындарынын пайда болушуна калаада унаалардын көптүгү, жолдордун тардыгы себеп болууда. Айрым убактарда жол тыгыны жүргүнчүлөрдүн жарым сааттан бир саатка чейинки убактысын алат.
Жол тыгындарынын пайда болушуна айдоочулар өздөрү күнөөлүү болгон учурлар да бар. Коомдук унаалардын айрым айдоочулары аялдамаларга жетпей токтоп, жол эрежесин сакташпайт. Жолдун ортосуна токтоп, жүргүнчүлөрдү салып, түшүрүшөт.
Мындан сырткары айдоочулар арасында жөө жүрүүчүлөргө жол бербей, атайын белгилерден өтүп кеткен учурларына күбө болдук. Ошол эле учурда коомдук унаалардын айдоочулары көбүрөөк эреже бузушарын көрүүгө болот.
Эртең менен жана кечинде айдоочулардын жөө адамдарга жол бербөөсү, каршы тилкеге чыгып айдоосу, жол чырактан ашып токтоо, токтоого мүмкүн эмес жерге токтоо, коомдук унаалардын аялдамаларга жетпей ар кайсы жерде адам салуу, түшүрүү сыяктуу эреже бузууларына күбө болдук. Ошол эле учурда көчөлөрдө жерге чийилген жол белгилеринин өчүп калганы да жүздөп саналат.
Жол эрежесин бузуу, шаар ичинде катуу ылдамдыкта айдоо, каршы тилкеге чыгып айдоо сыяктуу тобокелчиликтер адам өмүрүнө коркунуч жаратары чындык. Ал эми калаадагы жол тыгынын жоюу, альтернативалык жолдорду куруу, жолдорду кеңейтүү сыяктуу иштердин жүрүшү жакынкы аралыктарда башталбайт сыяктуу.
Бишкек шаардык патрулдук милициянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, шаардын жол каттамдарын көзөмөлдөө боюнча Патрулдук милициянын кызматкерлери 3 нөөмөт менен чыгышат. Алгачкы көзөмөлгө 249 милиция чыкса, кийинки нөөмөттө 205 кызматкер иштейт. Ал эми үчүнчү түнкү нөөмөттө 70 кызматкер иштейт.
"Манас кең көчөсүнөн өтүүчү президенттин кортежи үчүн жолдор эртең менен, түштө, кечинде 15 мүнөткө гана жабылат. Калган учурда жолдордогу бузулган, туура эмес токтотуп кеткен унааларды алуу сыяктуу иштерге 2 саат убакыт жумшайбыз", - деп билдирди Патрулдук милициянын басма сөз кызматы.