"Жашылдандыруу" ишканасы тарабынан Бишкекте калың жааган кардан улам кулаган 99 дарак алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда жалпысынан 99 дарак, 67 бутак сынып түшкөнү аныкталган. Ишкананын кызматкерлери түнү менен жумуш аткарышкан. Шаар тургундарынан кулаган дарактар боюнча 166 арыз келип түшкөн. Кулаган дарактар 21 автоунаага залалын тийгизген.
Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишинде бутак өтүп бара жаткан аялдын үстүнө түшкөн. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң жабырлануучу үйүнө жеткирилген.
Жалпысынан "Жашылдандыруу" ишканасынын 10 атайын техникасы, 4 трактору жана 68 кызматкери тартылган.