Жарандар эмне себептерден мамлекеттик ипотекага үй албай жатышканы белгилүү болду

1305 жаран мамлекеттик ипотекага турак жай сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын отурумунда "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

Анын айтымында, 1066 адамга пайыздык үстөк менен шарттар ылайык келген жок жана көбүнүн айлыктары төмөн. "156 адам турак жайы бар болгону үчүн ипотекалык программадан чыкты. 18 адам башка насыясы бар болгону үчүн ипотекадан баш тартты. Дагы 16 адам Бишкектен гана турак жай алгысы келет экен", - деди Шамкеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Komrad
2016-11-18 12:39:45
Аракет болсо берекет болот дейт, аракет кыла бергиле
0
Azura
2016-11-18 12:58:16
Мени гос. эмес жумуш экен деп "баш тарттырышты"
"баш тартмак беле", отказали дебейби(
+1
Zainka
2016-11-18 15:17:50
Антпей эле параны аз берип жатышат дешпейби. Эптеп ушинтип созуп-созуп отуруп туугуан-туушкандарына берип койушат да. Кантип эле ала турган адам чыкпасын. Коп эле гос.жумуштарда иштеген тааныштар чуркап журушту эле...
0
omka100514
2016-11-18 15:28:36
Үстөк төлөмдү азайтыш керек, бизда айлык акы аз болгон үчүн ала албай жүрөбүз
+4
milons
2016-11-18 22:57:08
менда алайын деп тийиштуу док чогулттум, бирок усток
пайызын кошо эсептегенде, айлык акымды толуе банкка толоп калат элем, уй булону кайсыл каражатка багам деп баш тарттым
+1
Aytur
2016-11-18 23:45:53
Биз эми бир чудо болуп кетип эле уйлуу болуп калбасак кыйын болуп калдыгоо
0
Kroxa
2016-11-20 22:06:49
Госто иштебесен уй жок да кыскасы процентти толоп омурун отот го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан