Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Украина президенти Петро Порошенкого кантип телефон чалып, сүйлөшүү кандай жагдайда жүргөнүн пранкер Владимир Кузнецов (каймана аты Вован) орусиялык ММКларга айтып берди.
Айтымында, 40 мүнөткө созулган телефондук сүйлөшүүнү макулдашууга 1,5 сутка убакыт кеткен. Сүйлөшүүнү макулдашуу кыйынчылык жараткан эмес, Украина президентинин администрациясы жана Коопсуздук кызматы текшерүүлөрү менен ашыкча кыйнабаганын айтат. "Чынында, сүйлөшүүнүн айрым жерлери кесилди. Көпчүлүк Порошенконун 40 мүнөттүк монологун толук угууга кызыкдар эмес деп ойлойм. Албетте, айрым сөздөрдү алып салдык. Эң кызыктуу фрагменттерди гана калтырдык", - дейт Кузнецов (сүрөттө оңдо).
Пранкер "Кыргыз мамлекетинин президенти" менен сүйлөшүүгө Порошенко даяр болбогонун, мас абалда сүйлөшкөндөй таасир калтырганын да кошумчалады. "Айрыкча анын "уксаң", "карасаң" деген сөздөрү таң калтырды. Бир учурда ал Кыргыз мамлекетин Түркмөнстан менен алмаштырып да алды", - дейт пранкер.
Атамбаевдин атынан Порошенко менен Кузнецовдун шериги, пранкер Алексей Столяров (каймана аты Лексус, сүрөттө солдо) сүйлөшкөнү белгилүү болду. Кузнецов социалдык тармактагы жеке баракчасына өзүнүн президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Петро Порошенко менен телефондон сүйлөшкөн 15 мүнөттүк аудиосун жарыялаган.
Эскерте кетсек, Украина президентинин расмий сайтында 2-ноябрда президент Петро Порошенко менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат жайгаштырылган. Анда өлкө жетекчилери Кыргыз Республикасы-Украина кызматташтыгын, саясий диалогду жандантуу, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү тууралуу пикир алышканы айтылат. Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Порошенко менен Атамбаевдин ортосунда эч кандай телефондук сүйлөшүү болбогонун, Украина президентин кимдир бирөө тамашага салган болушу мүмкүн экенин маалымдаган эле.