Жылытылбай жабылып калган Токмок шаарындагы социалдык мекемелерге жылуулук бериле баштады

Токмок шаарынын тургундары SUPER.KG порталына айрым социалдык мекемелер жылуулук жоктугунан жабылганын кабарлашкан. Алардын ичинде мектептер, ооруканалар, төрөт үйү, бала бакчалар да бар.

Тургундар берген маалымат боюнча, жылуулук менен камсыздаган мекеменин газга карызы көбөйгөндүктөн, газ берүү токтотулган.

"Буга чейин Токмокто өтө көп кемчиликтер болуп келген. Аны эч ким билбей эле, билинбей көз жумду болуп кала берчү. Эми карасаңыздар, кыш баштала электе эле төрөт үйү, оорукана, мектеп жабылыптыр", - деп социалдык тармактагы баракчасына шаардын тургуну жазып чыккан.

Бул тууралуу Токмок шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жардамы менен "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасына газ берилүүдө. Өз кезегинде жылуулук социалдык мекемелерге жана тургундарга бериле баштады. Бүгүнкү күндө от казандар кадимки тартипте иштеп жатат, ал эми социалдык объекттерде аба температурасы нормалдаштырылды".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан