ЖЫЛНААМА, 18-НОЯБРЬ: 75 жыл мурун Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов каза болгон

75 жыл мурун Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов каза болгон. Ал 1941-жылы июлда Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк-Батыш, Батыш фронтторунун 316-аткычтар дивизиясынын командири болуп, октябрь, ноябрь айларында анын дивизиясы Москваны коргоодо эрдик көрсөткөн. Иван Панфилов 48 жашында согуш учурунда жанында жарылган жардыргыч заттан улам оор жаракат алып курман болгон.

Панфилов 1893-жылы 1-январда Орусиянын Петровск шаарында туулган. Ал 1918-жылы Кызыл Армияда кызмат өтөп, Жарандык согушка (1918-1920) катышкан. 1923-жылы Украинанын Киев шаарындагы Бириккен жогорку аскер окуу жайын бүтүрүп, 1938-1941-жылдары Кыргыз ССРинин аскер комиссары болуп иштеген.

1942-жылы 12-апрелде ага "Советтер Союзунун Баатыры" наамы ыйгарылган. Анын эстелиги Казакстандын Алматы шаарында, Кыргыз мамлекетинин борбору Бишкекте жана өзү курман болгон Гусенёво айылында орнотулган. Ошондой эле анын ысымы Орто Азия өлкөлөрүндөгү жана СССРдин аймагындагы мектептерге, шаарларга жана көчөлөргө ыйгарылган.

18-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tariel_tt
2016-11-20 10:57:48
Гитлерге окшош го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан