Бүгүн, 18-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Украина президенти Петро Порошенкого президент Алмазбек Атамбаевдин атынан орусиялык пранкерлер телефон чалышканы белгилүү болду. Украина тарап Кыргыз Республикасын "президент Петро Порошенконун үстүнөн тамаша уюштурууга катышты" деп айыптоодо. Украина президентинин басма сөз катчысы Святослав Цеголко Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусусуз телефондук сүйлөшүү уюштуруу мүмкүн эместигин айтты. Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин атынан Порошенкого пранкердин телефон чалышына кыргыз ТИМинин өкүлдөрү жардамдашканы иликтөөдө аныкталганын, бул окуянын артында Орусиянын атайын кызматтары турганын айтып билдирүү таратты. Окуя кантип башталганын эске салалы.
Украина президентинин расмий сайтында 2-ноябрда президент Петро Порошенко менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнү тууралуу кабар чыккан. Кыргыз тарап эч кандай сүйлөшүү болбогонун айтып маалымат тараткан соң кабар сайттан өчүрүлгөн. Ошондо президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Украина президентин кимдир бирөө тамашага салган болушу мүмкүн экенин айткан эле. Порошенкону пранкерлер тамашага салышканы ачыкка чыкты, сүйлөшүүнүн аудиосу интернетке тарады. Кыргыз тараптын билдирүүсү жөн гана дал келүүбү же Украина тарап айтып жаткандай, тышкы саясатка жоопкерлердин окуядан кабары болгонбу? Орусия менен Украинанын мамилеси жакшы эместиги белгилүү, 40 мүнөттүк сүйлөшүүдө Порошенко дагы эмнелерди сүйлөгөнү кызык. Пранкер интернетке аудионун 15 мүнөттүк бөлүгүн гана жарыялады. Цеголко пранкерлер сүйлөшүүнүн аудиосун толук жарыялабай, Крым, Донбасс окуялары боюнча Орусия тарапка айтылган негиздүү сындарды кесип салышканы бул иштин артында Орусиянын атайын кызматтары турганынын далили деген пикирде. Орусия кызыкчылыгы үчүн Кыргыз мамлекетинин дипломатиялык мекемеси "кызмат көрсөткөн" болушу мүмкүнбү? Бул тема 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн. "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев Украина президентинин аппараты Атамбаевдин номурун кайдан алганын, процедура кандай болушу керектигин сураганда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев телефон чалуу Украина тараптан эмес, Кыргыз мамлекетинин аймагынан болгонун айткан эле. Ошондо Орусиянын пранкерлери Порошенкого телефон чалуу үчүн Кыргыз жерине келген болуп чыгууда. ТИМ бул жагдайга кандай түшүндүрмө берери азырынча белгисиз. Украина тарап Кыргыз өлкөсүн айыптоодо өзүнүн иликтөө жыйынтыгына таянууда. Ал эми Кыргыз мамлекетинин ТИМи орусиялык пранкерлер менен байланышта болгон деп бир Кыргыз Республикасынын жаранынын кармалганын билдирди. Эгерде ТИМдин кызматкерлери ушундай жол менен Орусияга кызмат көрсөтүп жатышкан болсо, эл аралык аренада өлкөбүздүн аброюн тебелеп салышкан болот. Ансыз да азыркы бийликти эл аралык мамилелерди бузуп жатканы үчүн айыптагандар көп. Атамбаевдин кескин билдирүүлөрү, Кипр өңдүү Түркиянын кыртышы сүйбөгөн өлкөлөргө куттуктоо жолдоп, ал өлкөлөргө иш сапар менен барып жатышы кыргыз-түрк алакасына доо кетиргени айтылып жүрөт. Тышкы саясат жакшы эмес экенинин дагы бир белгиси - коңшулаш Казакстандын чек арасынан ветеринардык көзөмөлдү 1 жылдан бери алдыра албай жатат...
Өкмөт баштаган демилгелердин ишке ашарына элдин ишеними төмөн экени жашыруун эмес. Чиновниктердин “эл үчүн” деп баштаган көпчүлүк идеялары ишке ашпай эрте күндө "көмүлүп" калганына баарыбыз күбөбүз. Мисалы, өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай" программасы адегенде дүбүртү катуу чыгып, иш жүзүндө жакшы жыйынтык бербеген долбоорлордун бирине айланганы көрүнүүдө.
Турак жайга муктаж жарандар 2016-жылга чейин ипотекага үй сатып алыш үчүн көбүнчө жеке коммерциялык банктарга кайрылууга аргасыз болчу. 2016-жылы "элдин жашоосун жеңилдетебиз, үйү жоктордун үйлүү болушуна мамлекеттен укмуш колдоо болот" деп иш башталган эле. “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому түзүлүп, жарандарга алгачкы насыялар үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта бериле баштаган. Шарттары: 1 жаран 3 миллион сомго чейин насыяны 15 жылдык мөөнөткө ала алат, алгачкы төгүмү 10-12 пайыз. Мисалы, 1,5 миллион сомдук батирди ипотекага алыш үчүн орточо 150 миң сомдун тегерегинде алгачкы төгүм төлөнүшү керек. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө мугалимдердин орточо айлыгы 10 миң сомго жетип-жетпейт. Үйгө көбүрөөк муктаждыгы бар жаш мугалимдер 5-6 миң сомдон айлык алышат. Демек, айлыгы жарытпаган мугалимдер же дарыгерлерге мамлекеттик ипотекалык программа кол жеткис бойдон калышы мүмкүн эле. 150 миң сом табыш үчүн 1 мугалим ичпей-жебей 2 жылдай иштеш керек. Калганын ай сайын орто эсеп менен 20 миң сомдон төлөөгө туура келет (10 жылдык мөөнөткө 1,5 миллион сом алса).
Бүгүн парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын отурумунда 1066 адам ипотекалык насыянын пайыздык үстөгү менен шарттары ылайыктуу эместигин айтып өкмөттүн ипотекалык программасына жазылгандардын катарынан чыкканы айтылды. Ал эми ипотека аркылуу үйлүү болгондордун саны болгону 500дүн тегерегинде. Бул долбоор кайра эле акчалуулар менен тааныш-билиши көптөргө иштеп баштаарынан кабар берет. Акчалууларга насыянын үстөк пайызын жана калганын ай сайын төлөө маселе жаратпайт, ал эми кирешеси чектелүү адамдарга кыйын эле. Өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай" программасын ишке ашырууга милдеттендирилген Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев 107 миң сом айлык алып, бирок эч нерсе кылбаганы үчүн бүгүнкү отурумда депутаттардын сынына кабылган. Бул программа иштебей жатканын убагында депутат Дастан Бекешев да айтып чыгып, долбоорду ишке ашырууга мамлекеттин алы жетпесе, ири ишкерлерди жардамга чакырууну сунуштаган. Анын сунушуна кулак салгандар деле болбоду, сыягы. Долбоор атына заты ылайык келип, качан карапайым жарандарга чындап жеткиликтүү болору күмөн...