"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун төрагасы Бактыбек Шамкеевдин айлыгы 107 миң сом. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын отурумунда билдирди.
Анын айтымында, ал буга чейин эл аралык уюмдарда учурдагы айлыгынан 3-4 эсе көп алчу. "Биздин штатта 31 адам бар. Алардын орточо айлыгы 35-40 миң сом. Мен колума 107 миң сом алам. Мен үчүн 107 миң сом көлөмүндө айлык алуу уят эмес. Анткени өкмөткө иштеп берем, мындай айлыкка макул болдум. Менин тажрыйбам бул айлыкка ылайыктуу. Өлкөбүздө мамлекеттик ипотека менен буга чейин эч ким иштеген эмес", - деди Шамкеев.
Мындай жоопко депутаттар: "Эч нерсе кылбай туруп мындай айлык алуу уят эмеспи? АКШнын жаңы президенти Трамп жылына 1 долларга иштейм деди. Ошондуктан айлыгыңызды 45 миң сомго чейин азайтсаңыз. Биздин президентибиз айына 100 миң сом албаса керек", - деп айтышты.
"Эгер мен Трамптай миллиардер болсом, мен да айлыктан баш тартмакмын. Мисалы, тамадалар бир кече өткөрүп 300-1000 доллар табышат. Эмнеге аларга тийишпейсиздер? Ошондуктан сурооңуз туура эмес", - деп жооп кайтарды Шамкеев.