Екатеринбургда селсаяк болуп кеткен 2 кыргыз мекенине кайтат, дагы бирөөнүн өздүгү такталбай жатат

Орусиянын Екатеринбург шаарында селсаяк болуп кеткен Кыргыз өлкөсүнүн эки жараны мекенине кайтканы жатат. Бул тууралуу "KG такси" кыргыздар уюмунун мүчөсү Ильгизбек Нарматов SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүн, 18-ноябрда селсаяк болуп кеткен Кыргыз өлкөсүнүн эки жараны мекенибизди көздөй бет алат. Аларга Екатеринбургдагы Кыргыз өлкөсүнүн консулдугу документтерин акысыз жасап берди. Бирөөсү Ош облусунун Отуз-Адыр айылынан. Анын кызы жана бир туугандары бул жакка акча салышкан, өздөрү Бишкектен тосуп алышат. Ал эми экинчиси Өзгөндөн болот экен. Ага бул жактан демөөрчүлөр чыгып, каражат топтошту", - дейт Нарматов.

Сокулуктан болорун айткан дагы бир жарандын учурда документи жок. Өзүн Жумаилов Исламбек Медетбекович деп тааныштырган, 1981-жылкы.

"Анын айтымында, Чүйдө балдар үйүндө чоңоюптур, келинчеги жана кызы бар экен. Бир туугандарын да, жакындарын да таба албай жатабыз. Колу ириңдеп кеткендиктен, ампутация кылынчудай абалда. Өзү Орусиянын жараны экенин айтууда, бирок документи жок, андыктан ага көп ишене албай жатабыз. Бул баланы тааныгандар болсо, өздүгүн тактоого жардам сурайбыз", - деп кайрылды Нарматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
ofiser26
2016-11-18 18:50:49
Мен дагы оз каражатыман 2013-жылы 2 жигитти жонотком.
+22
SeN_Sulusun
2016-11-18 20:16:39
ofiser26,Аллах разы болсун ишине ийгилик
+6
Eka.kg
2016-11-18 20:42:41
ofiser26,а гооой
-6
ofiser26
2016-11-18 21:40:32
Eka.kg,гоой сою жок эле Нарындык эки байкеге паспорт алып пездге билет алып эле жибергем. Болгонун жаздым.
+4
Alina1984
2016-11-18 19:14:28
Алты саны аман соо,иштесе ишке тойбой турган учуру экен,арак деген азап болду го,бир сунгуп кирсе чыга албас болду го
+10
ainura220888
2016-11-18 22:48:21
Баарына арак куноолуда. Алты саны аман эркектер оз эркин кармана албай ушинтип журушот. Тырмактай кыздар журот иштеп тытынып.
+3
saltanat.
2016-11-19 08:12:45
Ушул таксисттер канча деген бомждарга жардам берип келе жатышат, акча чогултушуп. Ватсапта группа бар ошол жерден күйөөмдүн телефонунан угуп калам баланча бомжга акча кайрымдуулук кылайлык деп. Кээде акча ашса которуп турабыз.
+1
AykaMer
2016-11-19 11:20:32
Эмне эле аракты куноолойсунор? Арак эмне алардын оозуна озу кирип жатыппы?! Аракты ичкен адамдын башы иштебейби?! Арак алганча нан алайын деп ойлобойбу?! Арактын артынан калбай жургон адамдардын аягы эмне м.н бутоору баарына белгилуу да. Эми бул байкелер эн сонун сабак алды деп ойлойм. Аракты коргус болуп,уй булосун багып,келечеке максат коюп ичпей журот деп ишенем. Адам болуш аста аста,акмак болуш бир паста... Кудай баарына акыл-эс,ыйман берсин...
+1
znanylay
2016-11-19 12:32:04
Ар бир кыргыз оз мекенинде жашаса экен.Алыстагы мекендештерибиз оз жерине аман-эсен кайтып келишсин!Кудайым баарын жамандыктан сактап журсун!
0
Ilgizbek
2016-11-19 12:35:52
Ассаляму Алейкум кыргыз калкым биз Екатеринбург шаарында эмгектенип уй було багып жашап келебиз копчулугубуз негизги жумуштан сырткары таксиге да чыгып тыйын тыпыр табабыз KG такси кызматын да иш жузуно ашырганы улгурдук кыргыздар озубузду озубуз ташып бири бирибизге жардам берели деп акырындык менен биздин жигиттер кайрымдуулук иштерге аралаша баштадык ошентип KG такси кайрымдуулук коому пайда болду азыркы кезде бул коомдун мучолору 20-25 кишиден турат.
+2
Ilgizbek
2016-11-19 12:45:25
Биз тез аранын ичинде Екатеринбург шаарында сел саяк болуп кеткен кыйынчылыкта калган 7 кыргыз жаранын оз уйбулосуно бир туугандарына Ата-мекенине кайтышына жардам бердик 3 тажик мусулман бир туугандарга да жардам берип улгурдук кыргыз тажик мамилеси жакшы жака карай бурулушуна себепкер болсок жакшы болот деп жана кыргызстанда 4-5 орукчан балдары менен жалгыз калган энелерге акчалай каражат жардам бердик базарда иштеген таксиде маршрут айдаган кара жумушта иштеген элдин жардамы менен!
+2
tatynam_88
2016-11-19 13:33:36
Ilgizbek,Алла раазы болсун
0
Ilgizbek
2016-11-19 12:55:29
Азыркы кезде дагы бир кыргыз Сокулуктан болорун айткан дагы бир жарандын учурда документи жок. Өзүн Жумаилов Исламбек Медетбекович деп тааныштырган, 1981-жылкы жогоруда суроту корсотулгон ушул баланын оздугун тастыктаганы жардам беришиниздерди суранабыз акыбалы ото оор кун абдан суук -30-33 кочодо тентип журот колу ириндеп ампутация кылынчудай абалда.Бул инсанды таныган билген кишилер бизге бул номерге чалып койуунуздарды суранабыз +79644876151 Ильгиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан