18-19-ноябрь күндөрү Жыргалаң өрөөнүндө 2016-2017-жылдардагы тоо-лыжа сезонунун ачылышына карата фестиваль өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда уюштуруучулар билдиришти.
Фестивалдын программасына концерттер, оюндар, ошондой эле спорттун кышкы түрлөрү, жергиликтүү кол өнөрчүлүктү көрсөтүүчү иш-чаралар кирет. Андан тышкары Каракол шаарынан 60 чакырым аралыкта жайгашып, тоо-лыжа аймагы катары өнүгүп келе жаткан Жыргалаңдын конок үйлөрү да көрсөтүлөт. Фестиваль Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин колдоосу менен уюштурулганы маалым болду.
"Жыргалаң фестивалынын максаты – туриндустриянын жергиликтүү жана чет элдик өкүлдөрүн, ММК жана жергиликтүү жамааттарды тартуу менен ал жерди өнүктүрүү. Ошондой эле фестиваль жергиликтүү жашоочуларга жана жаштарга жардам берүү үчүн туризмди өнүктүрүү аркылуу ишке ашырылуучу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.