Молдодон мурун өкмөттүк органга: Эрте никеге турууга каршы мыйзамга кол коюлду

Жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун 18-ноябрда президенттик аппарат билдирди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 5-октябрда кабыл алган. Демилгечи депутаттар - Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев жана башкалар. Эми баш кошкон жубайлар нике кыйылганга чейин сөзсүз Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнөн каттоодон өтүшү шарт. Эгерде бул талап аткарылбаса, нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери жана ата-энелер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылмакчы. Мыйзам менен өспүрүм кыздардын турмушка чыгуусуна бөгөт коюлары күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде нике курагы 18 жаш деп белгиленген.

Демилгечилер расмий нике каттоодон өтпөй, диний жөрөлгө менен гана баш кошуп жашап жүргөн аялдардын укугу көп бузуларын, аларды коргоо зарылдыгынан улам да ушул мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын айтышкан. Аида Салянова мыйзамдуу никеге турбаган түгөйлөр ажырашкан учурларда айымдар мамлекеттин көмөгүсүз калып жатышканын айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Nur1k
2016-11-19 11:22:43
Эн туура!
0
Medina87
2016-11-19 11:31:52
Закон туура кабыл алынган. Онду бутуртпой эле ала качып уйлонгондор да кобоюп кетти эле.
+8
s9zen098
2016-11-19 12:25:45
Жакшы закон чыгыптыр. Эми ал канчалык денгээлде иш жүзүнө ашат убакыт көрсөтөөр. Же дагы эле баягы: "кыргызчылык менен бүтүрөлү, кыз эмне?-ыргытылган таш, түшкөн жеринде отурат. Болбосо эл эмне дейт"-деген сыяктуу айта жүрчү сөздөр менен, укук коргоо органдарынын жүрөгүн жибитип, алардын чөнтөгүн толтуруу менен эле бул мыйзамды да жер менен бир кылып тебелеп, аял затынын укугун бузуу улана береби белгисиз. Эмнеси болсо да мыйзаидын иштеп, иштебесин ар бир кыргыздын өз абиирине койолу..
+1
nokia96
2016-11-19 12:29:35
Бул дагы акча алунун бир куралы
+3
masha89
2016-11-19 13:08:24
молдо нике кыйбай койсо зына кылып журо беришсе ким жооп берет?
+7
Komrad
2016-11-19 13:09:52
Бул закон жаштарга иштейт, себеби алардын үйлөнгөнүн көпчүлүк угат. Ал эми чоңдор нике да кыйбай ЗАГС ка да турбай чогуу жашап алса - буга закон жок го дейм. Загстан мурда нике кылып алыпсыңар десе, биз нике да кылган жокпуз, экоону тең кылбай койсок кутулабызбы дейт да) ха ха ха))!
+4
Komrad
2016-11-19 13:10:46
Бирок бул көйгөй жаштардыкы болчу, андыктан бул мыйзам жемиштүү болот сөзсүз!
-2
nargis
2016-11-19 14:45:55
Эми чет жака жумушка барган кыз келиндер учун да жакшы бир мыйзам иштеп чыкса дээр элем.Мисалы ошол барган кызга же келинге жоопкер тараптын болушу.Антпесе кыз бири качып жоногондору да бар.
0
ICHOMTAY
2016-11-19 15:11:46
Эмне мен аялым менен загсы жок жле жашап келе жатам ошондо ата энебиз жоопко тартылабы биз учун? Же бирибирибизди жактырып калып эчкандай эле кубосуз турмулш куруп кетсекда жоопко тартылабызбы? Бул ал американа да кыргызга да жатпаган жаны мыйзам болдуго деим
+1
ICHOMTAY
2016-11-19 15:14:34
Адамдык укукта жокда созсуз загска каттал деген мыйзам... Ал оз каалоонда каидагы американы аитып жатасынар американарда деле 2-3 ту торогондон кийин деле загс кылып жатпаибы никеге туруп...бунунар жаны жанылык болду загска турган саиын акча бюджетке тушуусун каалап кийинчерек анында акчасын кобоитобу деп турам чонтокко акча иштештин жаны жолу болдуго деим
+2
tita
2016-11-19 15:34:39
жаштар, 30кун убакыт бар экен ала качканга... так что дерзайте)))...
30кундон кийин кучуно кирет бул мыйзам...
+3
ERCHOROEV
2016-11-19 15:37:20
Наамысынар болсо молдолорго тийишпегиле бизден караганда Алланын созун кобуроок билишет. Чала молдо анан андай молдо дейсинер. Деги силер кимсинер? Арам жашоонорду адалдап берген ошол молдолорго наамысынар кайда. 120 жепутут пачка пачка закондорду кабыл алып жатышат бирок бири да иштеген жери жок. Жон эле кагаздын шору.Бул закон деле жанагы чан басып жаткан зокондордун ордунан орун алат. Биздеги коп закондор ообу жок закондор. Кээ бирки закондорду окусан куло берип жаагын талыйыт
+2
mi2000
2016-11-20 02:06:57
Кабыл алынганы жакшы болду. Иш жузуно ашса екен калып кетпей. Жоопкерчиликти сезгиле эми мырзалар. Уй- було силердин колунарда.
+1
AKCAHAT
2016-11-20 12:03:12
Ырас болуптур. ЗАГС алмайынча нике окубай. Болбосо азыр мине коп тирик жетимдер коп. Эне байкуш же алименттен жок же уйдон жок же ата эненин уйуно батпай , балдары картондо уктап . Эми самсаалап басып кетээрден ажырашаардан мурун ойлонот .
+1
Wonderfullgirl
2016-11-21 11:47:15
Эн туура мыйзам, мен чон эле эркектерге тан калам бою жетелек кыздарды алышканына, ойлоп башынарды иштетип анан уйлонсонор, педофилдерге окшобой. Жашы жеткен болсо анда башка кеп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан